Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү максатында 2024-жылдын 12-апрелинен тартып 23-апрелине чейин ачык конкурс жарыялайт.
КР Билим берүү жана илим министрлигинин Борбордук аппаратына
-кызмат орундарынын улук тобуна
-кызмат орундарынын кенже тобуна
2.Кадрлар резервине киргизүү үчүн коюлуучу квалификациялык талаптар
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
-Гуманитардык илимдер, “экономика жана башкаруу”, педагогикалык, социалдык илимдер, физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. “Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4. “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ;
6. “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому;
7. “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
9. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10. “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
4) билгичтиги:
-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-аналитикалык документтерди даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
-эмгектин жаңы шарттарына көнүү.
5) көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— Гуманитардык илимдер, “экономика жана башкаруу”, педагогикалык, социалдык илимдер, физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. “Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
4. “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
6. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7. “Эл аралык келишимдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
4) билгичтиги:
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
-командада иштөө.
5) көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
3Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:
— жеке арызы;
— өздүк баракча, 2 сүрөт (3х4);
— резюме (электрондук даректи көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттолбогондугу тууралуу маалымат);
— нотариустан күбөлөндүрүлгөн негизги жана дагы кошумча билими бар болсо ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү;
— соттолбогондугу тууралуу ИИМ маалымкаты.
4Документтерди кабыл алуу убактысы жана орду
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги.
Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү №257.
Кабыл алуу мөөнөтү: 2024-жылдын 12-апрелинен тартып 2024-жылдын 22-апрелинин саат 18.00 чейин.
Байланыш телефону: (0312) 62-05-09, кабинет № 219. (КР БИМ Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси Эрмек Аида).