Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия (мындан ары – КРП УАК) административдик кызмат орундарынын башкы, улук жана кенже тобун ээлөөгө кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт.
Мамлекеттик жарандык кызматтын башкы административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө (жалпы мыйзамдарды билүүдө) колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
3)Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
4)“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ;
5)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6)“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7)“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8)“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз РеспубликасынынМыйзамы;
9)“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы”.
Мамлекеттик жарандык кызматтын улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө (жалпы мыйзамдарды билүүдө) колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) 2020-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө (жалпы мыйзамдарды билүүдө) колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) 2020-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Административдик кызмат орундарынын бардык топтору үчүн:
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
— компьютердик сабаттуулук жана керектүү программаларга ээ болуу.
1. Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн квалификациялык талаптар:
Кесиптик билим деңгээли: багыттар боюнча жогорку кесиптик билим:
-табигый-илимий, гуманитардык, социалдык-экономикалык, педагогикалык жана техникалык илимдер;
-медицина, биология, айыл чарба жана ветеринария;
-жогоруда аталган багыттар боюнча окумуштуулук даражанын болушу (артыкчылык болуп саналат).
Иш стажы жана тажрыйбасы:
-мамлекеттик кызматтагы жана/же муниципалдык кызматтагы жалпысынан 3 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.
-илимий-педагогикалык иш стажынын болушу (артыкчылык болуп саналат).
Кесиптик компетенциялар:
Билүү:
-Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 170 «Илим жөнүндө» Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы ПЖ № 377 Жарлыгы менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия жөнүндө» Жобону;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-январындагы ПЖ № 12 Жарлыгы менен бекитилген «Окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө», «Окумуштуулук наамдарды ыйгаруу тартиби жөнүндө», «Диссертациялык кеңеш жөнүндө», «Эксперттик кеңеш жөнүндө» Жоболорду.
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 327 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында илимий-педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоо жөнүндө» Жобону.
Жѳндѳмдүүлүк:
-ишмердиктин приоритеттүү багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
-түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө карата ыкмаларды анализдөө, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;
-башкаруу чечимдерин ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;
-таламдардын кагылышуусуна алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
-коюлган милдеттерди чечүү үчүн жаңыча ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
-ченемдик талаптарды сактоо жана документтерди сапаттуу тариздөө, аны макулдашуунун белгиленген тартибин сактоо;
-өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин, ведомстволор аралык өз ара аракеттешүү натыйжалуу пландаштыруу;
-конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу;
-команда менен иштөө.
2. Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн квалификациялык талаптар:
Кесиптик билим деңгээли: багыттар боюнча жогорку кесиптик билим:
-табигый-илимий, гуманитардык, социалдык-экономикалык, педагогикалык жана техникалык илимдер;
-медицина, биология, айыл чарба жана ветеринария;
-жогоруда аталган багыттар боюнча окумуштуулук даражанын болушу (артыкчылык болуп саналат).
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы бир жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
— илимий-педагогикалык иш стажынын болушу (артыкчылык болуп саналат).
Кесиптик компетенциялар:
Билүү:
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы ПЖ № 377 Жарлыгы менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия жөнүндө» Жобону;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-январындагы ПЖ № 12 Жарлыгы менен бекитилген «Окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө», «Окумуштуулук наамдарды ыйгаруу тартиби жөнүндө», «Диссертациялык кеңеш жөнүндө», «Эксперттик кеңеш жөнүндө» Жоболорду.
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 327 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында илимий-педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоо жөнүндө» Жобону.
Жѳндѳмдүүлүк:
-маалымат чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-аналитикалык документтерди даярдоо;
-тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;
-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
-ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
-жаңы эмгек шарттарына көнүү;
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
-ишти пландаштыруу жана иш убактысын туура бөлүштүрүү;
-башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу.
3. Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар:
Кесиптик билим деңгээли: багыттар боюнча жогорку кесиптик билим:
— табигый-илимий, гуманитардык, социалдык-экономикалык, педагогикалык жана техникалык илимдер;
— медицина, биология, айыл чарба жана ветеринария;
— жогоруда аталган багыттар боюнча окумуштуулук даражанын болушу (артыкчылык болуп саналат).
Иш стажы жана тажрыйбасы: иш стажына талаптар коюлбайт.
Кесиптик компетенциялар:
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы ПЖ № 377 Жарлыгы менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия жөнүндө» Жобону;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-январындагы ПЖ № 12 Жарлыгы менен бекитилген «Окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө», «Окумуштуулук наамдарды ыйгаруу тартиби жөнүндө», «Диссертациялык кеңеш жөнүндө», «Эксперттик кеңеш жөнүндө» Жоболорду билүү.
Жѳндѳмдүүлүк:
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
-кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана даярдоо;
-командада иштөө;
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүдөй иретте скоросшивателге (Дело №) көктөлгөн төмөнкү документтер берилет:
-мамлекеттик кызмат орундарынын тобун көрсөтүү менен КРП УАКтын төрагасынын атына жеке арыз;
-сүрөтү бар резюме (электрондук почтаны менен);
-нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин (бар болсо) көчүрмөлөрү;
-нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
-окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
-ички аудитордун квалификациялык сертификатынын көчүрмөсү (сертификаттын түп нускасы менен кошо көрсөтүлөт);
-соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымкат;
-жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, жыйноого жана иштеп чыгууга талапкердин макулдугу;
-сунуштама кат (кошумча маалымат).
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.
Документтер 2024-жылдын 12-апрелинен 24-апрелине чейин “Конкурска” деген белги менен кѳктѳмѳдѳ Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссияга жөнөтүлөт, дареги: Бишкек ш., Чүй пр., 265А, № 210 каб.
Бардык суроолор боюнча (312) 64-11-31 телефонуна кайрылсаңыздар болот.
Кошумча маалымат төмөнкү сайттарда жайгаштырылган: www.mkk.gov.kg, vak.kg