Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик административдик кызмат орунунун кенже тобуна кадрлар резервине кирүү үчүн Ош шаары боюнча ачык сынак жарыялайт.
Кенже топтогу мамлекеттик административдик кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө”, “Экстремисттик иштерге каршы аракеттенүү жөнүндө”;
Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары: 2012-жылдын
23-мартындагы № 71 “Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө”, 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 412 “2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө”;
адам ресурстарын башкаруу жаатында;
Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн ишин жүзөгө ашыруучу конфессиялар жөнүндө;
дүйнөлүк диндердин негиздери;
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү, чет тилдерди (билгени абзел).
Тесттик тапшырмаларды түзүүдө колдонулган ченемдик укуктук актылардын тизмеси (жалпы мыйзамдарды билүү үчүн):
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
1. Кесиптик билиминин деңгээли:
— багыты боюнча жогорку кесиптик билими: гуманитардык илим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
— билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө:
— көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди папкага салып тапшыруу керек:
— жеке арыз;
— кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
— өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
— нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— паспорттун көчүрмөсү.
Документтердин түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлушү керек.
Сынакка катышуу үчүн документтерди 2024-жылдын 15-июлунан 1-августуна чейин саат 9:00 дон 18:00 го чейин Бишкек ш. Ч.Айтматов проспекти, 1 ст 2, 2-кабат, 204 каб. дареги боюнча тапшыруусу керек. Сурап-билүү телефону: 0312 90-03-76.
Эскертүү:
-белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.