Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгы КР Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы №24 жарлыгы менен бекитилген жобого ылайык, кадрлардын резервине киргизүү үчүн, административдик кызмат орундарынын улук (С-А) тобуна ачык сынак жарыялайт. Квалификациялык талаптар: 1.Билим денгээли: Экономика жана башкаруу чөйрөсүндө экономика, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, укук таануу жаатындагы гуманитардык илимдер боюнча жогорку билим. Эмгек стажы:Башкы тобуна мамлекеттик жана муниципалдык кызматта жалпысынан бир жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; КРнын мыйзамдарын, токтомдорун жана КРнын Президентинин ЖОБОлорун билүүсү зарыл: КРнын “Бюджеттик кодекси” КРнын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”; КРнын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”; КРнын “2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө”; КРнын “ Эмгек кодекси”; КРнын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”; КРнын “ Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө”; КРнын “Мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө”; КРнын “Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө” ЖОБО; КРнын “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө”; КРнын “Мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципальндык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө”; КРнын “Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” ЖОБО. Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар: 1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2.”Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Жөндөмдүүлүгү: Оперативдүү чечим кабыл алуу жана жоопкерчиликтүү болуусу; Кызматтык милдеттери аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; Компьютердик сабаттуулук, 1с бухгалтерия жана борборлоштурулган бухгалтердик эсепти билүү . Конкурска катышууга керектүү документтер: Өз колу менен жазылган арыз; Паспортун же ким экендигин тастыктаган башка документинин көчүрмөсү; Керектүү кесиптик билими, эмгек стажы жана квалификациясы жөнүндө документтерин (эмгек китепчесинин, билими жөнүндө квалификациясын жогорулаткандыгы жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү, нотариустан же иштеген жериндеги кызматчыларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт); Кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы; Сүрөт (4×5) – 2 сүрөт; Өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен).Документтер 20-сентябрынан 03-октябрына карата саат 900дөн 1800гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Баткен шаары, Алма Аалы көчөсү 2а моб. 0772716644. Жазуулар боюнча багыттоо Сүлүктү шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын негизинде улук жана кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн 2024-жылдын 23-сентябрынан 4-октябрына чейин ачык сынак жарыялайт: Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызмат орундарына улук тобуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт: