Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгы КР Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы №24 жарлыгы менен бекитилген жобого ылайык, кадрлардын резервине киргизүү үчүн, административдик кызмат орундарынын башкы ( Б-А ) улук (У-А), кенже (К-А) тобторуна ачык сынак жарыялайт. Квалификациялык талаптар: 1.Билим денгээли: Экология жана айлана-чөйрөнү башкаруу, токой жана аңчылык чарбасы, табигый илимдер (биология, химия, география жана биэкология, геология жана гидрология), программалоо, юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу. Бухгалтердик эсеп, экономика жана финансы. Эмгек стажы: Башкы тобуна мамлекеттик жана муниципалдык кызматта жалпысынан бир жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы жана кенже тобуна иш стажы талап кылынбайт. КРнын мыйзамдарын, токтомдорун жана КРнын Президентинин ЖОБОлорун билүүсү зарыл: Негизги ЧУА Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Маалымат алуу укугу жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик ЧУА КРнын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”; КРнын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” ; КРнын “2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө”; КРнын “Бюджеттик кодекси”; КРнын “ Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө”; КРнын “Мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө”; КРнын “Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө” ЖОБО; КРнын “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө”; КРнын “Мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципальндык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө”; КРнын “Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” ЖОБО. КРнын “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө”; КРнын “Экологиялык экспертиза жөнүндө”; КРнын “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”; КРнын “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө”; КРнын “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө”; КРнын “Бузуулар кодекси” ; КРнын “Атмосфералык абаны коргоо боюнча”; КРнын “Анчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө”; КРнын “Балык чарбасы жөнүндө”; КРнын “Калдыктар жана тоо-кен калдыктары жөнүндө”; КРнын “Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент”; КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Жөндөмдүүлүгү: Оперативдүү чечим кабыл алуу жана жоопкерчиликтүү болуусу; Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; Компьютердик сабаттуулук, 1с бухгалтерия жана борборлоштурулган бухгалтердик эсепти билүү . Конкурска катышууга керектүү документтер: Өз колу менен жазылган арыз; Паспортун же ким экендигин тастыктаган башка документинин көчүрмөсү; Керектүү кесиптик билими, эмгек стажы жана квалификациясы жөнүндө документтерин (эмгек китепчесинин, билими жөнүндө квалификациясын жогорулаткандыгы жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү, нотариустан же иштеген жериндеги кызматчыларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт); Кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы; Сүрөт (4×5) – 2 сүрөт; Өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен). Документтер 4-мартынан 17-мартына карата саат 9:00дөн 18:00гө чейинтөмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Баткен шаары, Алма Аалы көчөсү 2а моб. 0772716644. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Баткен аймактык башкармалыгынын мамлекеттик жарандык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн улук жана кенже кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт