КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ,ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ МИНИСТРЛИГИНИН КЫРГЫЗ ГЕОЛОГИЯ КЫЗМАТЫ
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык мамлекеттик жарандык кызматтын кадрлар резервине киргизүү үчүн кызматтардын башкы жана улук топторуна ачык сынак жарыялайт:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— төмөнкү тармактарда жогорку кесиптик билими:
гуманитардык илимдер, педагогикалык билим, «Геология, чалгындоо жана кендерди иштетүү», «Геология», «Гидрогеология», «География», «Металлургия», «Юриспруденция».
2. Эмгек стажы жана тажрыйбасы:
— башкы тобу үчүн: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;
— улук тобу үчүн: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
Башкы административдик мамлекеттик кызмат орду үчүн:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
— Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын «Электрондук башкаруу жөнүндө» Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү инструкция.
Улук административдик мамлекеттик кызмат орду үчүн:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын «Электрондук башкаруу жөнүндө» Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү инструкция.
2.Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
3.Компьютердик сабаттуулук жана зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү (Word, Excel, Маалыматтык-укуктук система «ТОКТОМ Мамлекет Про»).
Предметтик мыйзамдарды билүү:
«Геология, чалгындоо жана кендерди иштетүү» тармагы боюнча – кызматтардын башкы тобу
— Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жер казынасын пайдалануу укуктарын лицензиялоо маселелери жөнүндө» 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 токтому;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» 2014-жылдын 17-мартындагы №144 токтому.
«Геология, чалгындоо жана кендерди иштетүү», «Геология», «Гидрогеология», «География» тармактары боюнча – кызматтардын улук тобу
— Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жер казынасын пайдалануу укуктарын лицензиялоо маселелери жөнүндө» 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 токтому;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» 2014-жылдын 17-мартындагы №144 токтому.
«Геология, чалгындоо жана кендерди иштетүү», «Металлургия» тармактары боюнча – кызматтардын улук тобу
— Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жер казынасын пайдалануу укуктарын лицензиялоо маселелери жөнүндө» 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 токтому;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымды эсептөөнүн, төлөөнүн, чогултуунун жана карызды өндүрүүнүн тартибин бекитүү тууралуу» 2022-жылдын 12-августундагы № 449 токтому.
«Геология, чалгындоо жана кендерди иштетүү», «Металлургия», «Юриспруденция» тармактары боюнча – кызматтардын улук тобу
— Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө», «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жер казынасын пайдалануу укуктарын лицензиялоо маселелери жөнүндө» 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 токтому;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымды эсептөөнүн, төлөөнүн, чогултуунун жана карызды өндүрүүнүн тартибин бекитүү тууралуу» 2022-жылдын 12-августундагы № 449 токтому;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 570 тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламенти.
Гуманитардык илимдер жана педагогикалык билим берүү багыты боюнча – кызматтардын улук тобу
— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы №308 «Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө» Жарлыгы;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө» Жарлыгы;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы №24 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө» Жарлыгы;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы №25 «Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Жарлыгы;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №61 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Жарлыгы;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы № 266 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» Жарлыгы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 24-июлундагы № 462 «Эмгек китепчелеринин формасын, эмгек китепчелерине кошумча барак формасын жана Эмгек китепчелерин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтому;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы №631 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну координациялоо жөнүндө» токтому;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 «Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө» токтому;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелиндеги №189 «Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө» токтому;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтому.
3.2. Билгичтиги:
Башкы административдик мамлекеттик кызматтар үчүн:
— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүмдөрдүн маселелерин чечүүгө болгон мамилени талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;
— чечимдерди тез кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик;
— кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
— көйгөйлөрдү чечүү үчүн новатордук ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;
— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин эффективдүү пландаштыруу;
— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.
Көндүмдөрү:
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу жана каттар менен иштөө;
— түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматчылардын ортосунда тапшырмаларды сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруу чечимдерин оперативдүү даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, жаңы формаларды жана иш ыкмаларын издөө);
— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— картографиялык жана геодезиялык материалдар менен иштөө;
— чыр-чатак абалдарын жөнгө салуу;
— жакшы аналитикалык жана уюштуруучулук жөндөмдөр;
— натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү, жолугушууларды жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;
— компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу.
Улук административдик мамлекеттик кызматтар үчүн:
Билгичтиги:
— маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү тармактагы Ата-Мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— презентацияларды уюштуруу;
— таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө маалыматтарды берүү;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумдарын пайдалануу;
— жаңы эмгек шарттарына көнүү.
Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
— корреспонденция менен иштөө;
— картографиялык жана геодезиялык материалдар менен иштөө;
— компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга, «Microsoft office», «Map Info Professional», «Easy Trace», «Auto CAD», «Corel DRAW», «MS Access»пакеттин негиздерине ээ болуу артыкчылыктуу;
— жакшы аналитикалык жана уюштуруучулук жөндөм.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди делого тиркеп тапшыруу керек:
— жазуу жүзүндөгү өзүнүн арызы;
— кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү;
— Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.
Сынакка катышуу үчүн документтер 2024-жылдын 28-июлунан тартып 8-августу кошо төмөнкү дареги боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2, кабинет 218, тел.: 904040 (1094) «e-Kyzmat» мамлекеттик вакансия порталы аркылуу сынакка катышууну каалагандардын маалыматы үчүн, бардык тапшырууга тийиш болгон документтер порталга жүктөлүшү зарыл.