Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгы улук административдик мамлекеттик кызмат орунун ээлөөгө кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт Улук административдик кызмат оруну үчүн квалификациялык талаптар Кесиптик билим деңгээли: – жогорку билим: (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юридикалык, экономикалык, табигый илимдер, гуманитардык илимдер, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, эсептөө техникасы жана маалыматтык технологиялар, техникалык тармагында). Иш стажы жана тажрыйбасы: – жыйынды стажы мамлекеттик жана муниципалдык кызматта бир жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Кесиптик компетенттүүлүгү: төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; – “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Тиешелүү тармактагы мыйзамдары: – Кыргыз Республикасынын Суу кодекси; – “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Экологиялык экспертиза жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. Талап кылынуучу документтердин тизмеси: – жеке арызы; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – паспорттун көчүрмөсү. Документтер, жарыянын тексти Агенттиктин веб-сайтына чыккан күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү – 130 дареги боюнча Ош регионалдык башкармалыгынын имаратында жумуш күндөрү саат 09:00дөн 18:00гө чейин кабыл алынат. Тел.: (03222) 7-06-59, 0778 00-79-14 Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгы улук административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлөөгө кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтү башкы жана улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт.