Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгы улук административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлөөгө кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт Админстративдик мамлекеттик кызмат ордунун улук тобуна: Кесиптик билимдин деңгээли: жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, табият таануу илимдери, гуманитардык жана социалдык илимдери, педагогикалык билим берүү, саламаттык сактоо, экономика жана башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, геодезия жана жерге жайгаштыруу, энергетика жана электроника, транспорттук техника жана технология, электроника, радиотехника жана байланыш, автоматташтыруу жана башкаруу, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар, архитектура жана курулуш, техносфералык жана өрт коопсуздугу, жаратылыш жана гидрометеорология, аскердик билими. Иш стажы жана тажрыйбасы: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Кесиптик компетенттүүлүгү: төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Тиешелүү тармактагы мыйзамдары: «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 489 “Мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтому; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобосу; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2019-жылдын 31-декабрындагы № 150-П “Мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” буйругун. кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды билүү. Билгичтиги: курулуштагы экономикалык суроолорду билүү, калькуляция, сметаларды жана сметалык-каржы эсептерин жүргүзүүнү билүү; аналитикалык жөндөмдүүлүгү, аналитикалык иш-кагаздарын даярдоо, презентация жасоо жөндөмдүүлүгүнүн болушу; сатып алуулар боюнча тендердик иш-кагаздарды жана башка иш-кагаздарды даярдоо жөндөмдүүлүгү; компьютердик жана уюштуруу техникаларды, керектүү программалык продукттарды колдоно билүүсү. Көндүмдөрү: аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү; натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу. Конкурска катышууну каалаган жарандар 2026-жылдын 21-апрелине чейин “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы https://kyzmat.gov.kg жеке кабинети аркылуу: электрондук форматта өтүнмө беришет; Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө макулдугун тастыктайт; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген коррупцияга каршы чектөөлөрдү мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кабыл алууну тастыктайт. Өтүнмөгө электрондук форматтагы төмөнкү документтер (сканерленген документтер) тиркелет: жеке арызы; резюме (электрондук почтаны, СИН жеке идентификациялык номерин көрсөтүү менен; негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтери; эмгек китепчесинин көчүрмөсү; илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтери. Документтердин түп нускалары талапкер тарабынан “e-Kyzmat” мамлекеттик порталы аркылуу өтүнмө берүү учурунда тиркелген сканерленген көчүрмөлөрү менен салыштыруу үчүн аңгемелешүү этабында көрсөтүлөт. Кошумча маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын фейсбук баракчасынан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Мамлекеттик агенттигинин сайттынан (www.mes.gov.kg) ошондой эле 0554112866 телефон номери аркылуу алууга болот. Жазуулар боюнча багыттоо Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтү башкы жана улук административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгы улук административдик мамлекеттик кызмат орунун ээлөөгө кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт