Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы ПЖ №43 “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөө тартиби жөнүндө” жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин административдик мамлекеттик жарандык кызматынын башкы топтогу кызмат орундарына конкурс жарыялайт: Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн: Жалпы мыйзамдар: 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2. “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 4. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; 5. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 8. “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 9. “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 10. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес; Билгичтиги жана көнүмдөрү: 1) билгичтиги: – иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; – түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; – кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; – коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; – өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо; – ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; – чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу; 2) көндүмдөрү: – аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; – түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө); – маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдында сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Экологиялык жана климаттык саясат багыты боюнча: кесиптик билимдин деңгээли: – экологиялык, жаратылышты коргоо, техникалык, эл аралык мамиле жаатында жогорку билим. предметтик мыйзамдар: 1. “Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 2. “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3. “Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жөнүндө” Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 263 токтому менен бекитилген; 4. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Регламенти. Жер казынасынын саясаты багыты боюнча: кесиптик билимдин деңгээли: – юридикалык, экономикалык, тоо-кен геологиялык адистиктер, персоналды башкаруу, техникалык илимдер, стратегиялык башкаруу боюнча кошумча кесиптик билим, техникалык илиимдер, ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо, аналитикалык документтерди даярдоо, экономикалык процесстерди талдоо жана болжолдоо методдору жана моделдери боюнча кошумча кесиптик билим, ошондой эле башка тиешелүү багыттар боюнча. предметтик мыйзамдар: 1. “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 2. “Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3. “Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4. “Жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 токтому; 5. “Жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 токтому; 6. “Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо тартиби жөнүндө” жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 токтому менен бекитилген; 7. Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому2017-жылдын 18-августу № 517; 8. Геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы№ 144 токтому менен бекитилген; 9. “Бекитилген программа боюнча аткарылуучу жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин мамлекеттик каттоонун тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Токтому 2025-жылдын 11-марты № 126; 10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 токтому менен бекитилген; 11. “Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө” жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 43 токтому менен бекитилген; 12. Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому 2017-жылдын 15-декабры № 810; 13. “Кыргыз Республикасынын аймагында чачынды алтынды жекече казып алууну жүзөгө ашыруу жөнүндө” жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июлундагы № 524 токтому менен бекитилген. Калдыктарды жана саркынды сууларды туруктуу башкаруу багыты боюнча: кесиптик билимдин деңгээли: – экология, биоэкология, география, биология, гидрогиология, юриспруденция жаатындагы жогорку билим. – предметтик мыйзамдар: 1. “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 2. “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3. “Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламенти” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4. “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5. Кыргыз Республикасынын Жер кодекси; 6. Кыргыз Республикасынын Суу кодекси; 7. “Ичүүчү суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 8. Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларын коргоо Эрежеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы №128 токтому менен бекитилген; 9. “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 263 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жөнүндө” Жобосу. Конкурска катышууну каалаган талапкерлер “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы https://kyzmat.gov.kg/ жеке кабинети аркылуу электрондук форматта өтүнмө беришет: Өтүнмөгө электрондук форматтагы төмөнкү документтердин (сканерленген документтер) тиркелет. – жогорку кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча билими болсо), ага тиркемелери менен кошо; – эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары (вкладыштары) менен; – илимий даражасы же илимий наамы бар экендигин тастыктаган документ (эгер бар болсо); – квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгер бар болсо). Ачык конкурска катышууга коюлган талаптарга жооп берген документтери бар талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү зарыл. Документтердин түп нускалары талапкер тарабынан “e-Kyzmat” мамлекеттик порталы аркылуу өтүнмө берүү учурунда тиркелген сканерленген көчүрмөлөрү менен салыштыруу үчүн аңгемелешүү этабында көрсөтүлөт. Бишкек ш., Эркиндик бульвары 2 дареги боюнча 2026-жылдын 6-августунан баштап 15-августка чейин саат 18.00го чейин кабыл алынат. Маалымат үчүн телефондор: 904040 (1731). Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги