Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрликтин кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына конкурс жарыялансын: I. Жарандык административдик кызмат орундарынын улук тобуна (Бишкек ш., Талас ш., Каракол ш.) –1 бирдик: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”; 3) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; 4) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; 5) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; 6) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; 7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: 1. Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку кесиптик билим, төмөндөгү багыттар боюнча: гидромелиорация, гидротехникалык курулуш жана курулуш 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы жалпысынан бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы 3. Кесиптик компетенттүүлүгү: 3.1. Төмөнкүлөрдү билүү: – Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргоону жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Суу жөнүндө” Мыйзамдарын; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана алрды баалоонун критерийлердин бекитүү жөнүндө” токтомунун; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндөгү жобосу” жана “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” кызматы жөнүндөгү жобосу”; – Гидротехникалык курулуштар. Негизги жоболор. ЭКН 33-01-12; Гидротехникалык курулуштар. Долбоорлорун негизги жоболору (ЭКН 3.04-01-2005, КНжЭ 2.06.01-86); Суу каптоодон инженердик коргоону КНжЭ 2.06.15-85; Гидротехника. Негизги түшүнүктөр. Терминдер жана аныктамалар ГОСТ 19185-73; Селден коргоочу курулмалардын эксплуатациялоо эрежелери. Негизги жоболоруу ЧД 33-3.2.05-88; Кыргызстандын тоолу дарыяларынын шартында жээк коргоочу тосмолорду долбоорло боюнча сунуштар. 3.2. Билгичтиги: – толук оңдоо жумуштары өтө турган курулмалар үчүн долбоор иштеп чыгуу (эсептөө жана чиймелер); – объекти нивелирдик жана теодолиттик ченем өткөрүү; – технологиянын негиздери жана курулуш иштерин түрлөрүн билүү; – Толук оңдоолуучу объекттерге керектөөчү каржаттын эсептеп чыгаруу; – техникалык эксплуатациянын эрежелерин коргоо жана калыбына келтирүү жумуштарынын түзүлүшүн, техникалык тейлөөнү; – аналитикалык иш – кагаздарды түзүү; – презентация жасоого жөндөмдүү 3.3.Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – геодезиялык инстурменттерде иштөө, тиешелүү жайларды сүрөткө түшүрүү – мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсүнө карата; – мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулугунун болушуна карата. II. Конкурска катышууну каалаган адамдар “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы https://kyzmat.gov.kg жеке кабинети аркылуу: – кесиптик жогорку билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча – эгерде бар болсо), анын ичинде тиркемелери менен; – эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары менен; – илимий даража же илимий наамы бар экендиги жөнүндө документ (эгерде бар болсо); – квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгерде бар болсо). Конкурска катышуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн документтер, 2026-жылдын 31-июлдан тартып 10-августка чейин жарыя чыккан күндөн тартып төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Талас шаары, Ч.Айтматов көч. 370, Талас облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмүнө, тел.: 0559112396; Бишкек шшары, Осмонкула көч. 128, Чүй облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмүнө, тел.: 0550943239; Каракол шаары, Алыбаков көч. 87, Ысык-Көл облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмүнө, тел.: 0551227219; Ош шаары, Моминова көч.,11, 1 кабат, 13 кабинет, тел.: 0558112400 кадрлар бөлүмүнө тапшыруу керек. Толук маалыматты КР ӨКМнин (www.mes.gov.kg) сайттарынан алса болот. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги