«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026–жылдын 13–февралындагы № 43 «Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө» Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарынын башкы тобуна конкурс жарыялайт: 1. Мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын башкы тобуна: Кесиптик билим деңгээли: – жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: техникалык илимдери, архитектура жана курулуш, өзгөчө кырдаалдарда коргонуу жаатында, гидротехникалык курулуш. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы. Кесиптик компетенттүүлүгү: Төмөнкүлөрдү билүү: Жалпы мыйзамдар: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; – «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; – «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик мыйзамдар: – «Жарандык коргонуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 213 «Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»токтому; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 219 «Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтому; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 179 «Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 16 «Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө» токтому; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 58 «Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтому; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 21 «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө» токтому; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобо. Билгичтиги: – аналитикалык жөндөмдүүлүгү, аналитикалык иш-кагаздарын даярдоо, презентация жасоо жөндөмдүүлүгү болушу; – бүтүрүлгөн объекттер боюнча аткарылган иштерге акы төлөө жана каржылоо принциптерин, өндүрүштүн технологияларын жана курулуш иштеринин түрлөрүн, курулуш иштеринин сапаттарына, колдонулган курулуш материалдарына коюлган талаптарды билүү; – жыйынтыктоо сметаларды түзүүнү; – курулуш иштеринин негизги түрлөрүнө калькуляция түзүүнү; – тармактык жана улуттук стандарттарды колдонууну. Көндүмдөрү: – аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; – маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү. Конкурска катышууну каалаган адамдар 2026–жылдын 13–августуна чейин «Е–кызмат» мамлекеттик порталындагы жеке кабинет аркылуу: – электрондук форматта өтүнмө беришет; – Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүугө макулдугун тастыктайт; – Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген коррупцияга каршы чектөөлөрдү мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кабыл алууну тастыктайт. Өтүнмөгө электрондук форматтагы төмөнкү документтер (сканерленген документтер) тиркелет: – кесиптик жогорку билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча – эгерде бар болсо), анын ичинде тиркемелери менен; – эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары менен; – илимий даража же илимий наамы бар экендиги жөнүндө документ (эгерде бар болсо); – квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгерде бар болсо). Документтердин түп нускаларыталапкер тарабынан «Е–кызмат» мамлекеттик порталы аркылуу өтүнмө берүү учурунда тиркелген сканерленген көчүрмөлөрү менен салыштыруу үчүн аңгемелешүү этабында көрсөтүлөт. Конкурс боюнча кошумча маалыматты төмөнкү дарек боюнча алса болот: Бишкек шаары, Манас проспектиси 101/1, каб.612 (Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө), тел.:323385 Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Жогорку сотунун Аппараты