Кадрлардын резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт:

 

Ош регоиналдык башкармалыгынын улук жана кенже кызмат орундары үчүн:

Улук  кызмат орундары үчүн:

кесиптик билим деңгээли:

Табигый илимдер,  гуманитардык илимдер, юриспруденция, техникалык илимдер  жана башка тармактар боюнча жогорку билим

Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жыйынды стажы мамлекеттик жана муниципалдык кызматта бир жылдан кем эмес же  тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетенттүүлүгү боюнча төмөнкү мыйзамдарды билүү:

негизги мыйзамдар: КРнын Конституциясы, КРнын “Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”, КРнын  “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы, КР “Жарандардын кайрылууларын  кароонун тартиби жөнүндө” мыйзамы, КРнын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” КРнын мыйзымы.

тармактык мыйзамдар:  КРнын «Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө», “Экологиялык экспертизаа жөнүндө”, «Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө»,  «Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө», «Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө» мыйзамдары, “Суу жөнүндө” мыйзамдары,  КР “Токой кодекси”.

Кенже  кызмат орундары үчүн:

кесиптик билим деңгээли:

Табигый илимдер,  гуманитардык илимдер, юриспруденция, техникалык илимдер  жана башка тармактар боюнча жогорку билим

Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт.

Кесиптик компетенттүүлүгү боюнча төмөнкү мыйзамдарды билүү:

негизги мыйзамдар: КРнын Конституциясы, “Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”, КРнын  “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;

тармактык мыйзамдар:  КРнын «Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө», «Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө»,  «Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө», «Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө» мыйзамдары, “Суу жөнүндө” мыйзамдары, КР “Токой кодекси”.

Талап кылынуучу документтер:

— өзүнүн арызы;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— паспорттун көчүрмөсү.  

 Документтерди кабыл алуу жарыя Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин түштүк аймактар аралык башкармалыгынын сайтына чыккан күндөн баштап 10 календарлык күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт:

Дареги: Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү 130. 

Тел.: (03222) 7-06-59, (0552) 000927       

Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 9-00 дөн 18-00 гө чейин кабыл алынат.