Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Жогорку соттун Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик кызмат орундардын улук тобуна маалымат-технология багыты боюнча ачык конкурс жарыялайт. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат: – өзүнүн арызы; – резюме (электрондук почтаны жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен); – акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – паспорттун көчүрмөсү. Документтерди кабыл алуу 2025-жылдын 8-декабры саат 16.30га чейин жүргүзүлөт. Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек. Административдик кызмат орундардын улук тобуна (маалымат – технологиялар багытындагы) – маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш жаатында же чектеш облустарда жогорку техникалык билим же болбосо юридикалык жогорку билим; – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес; -төмөнкүлөрдү билүү: Жалпы мыйзамдар 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 4. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6. “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү Нускамасы”; 7. “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Предметтин мыйзамдар 8. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык Мыйзамы; 9. “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы; 10. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы; 11. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси; 12. “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 13. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; 14.“Электрондук документ жана электрондук цифралык колтамга жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №762-токтому менен бекитилген “Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо” Талаптары; 16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы “Мамлекеттик маалыматтык системалар менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө” №744-токтому. – мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү. Билгичтиги: -маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; -аналитикалык документтерди даярдоо; -тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; -кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; -иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; -эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу; – чоң маалымат массивдери менен иштөөнү билүү, иштеп чыгуу жана жаңы маалыматтарды түзүү; – МКТ чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жана ченемдик-укуктук актыларды билүү Көндүмдөрү: -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; -ишти пландоо жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; -башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; -мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашуу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулугу; -жергиликтүү аймактарды жана домен архитектурасын куруу; -техникалык жана эсепке алуу документтерин жүргүзүү; -жетекчиликтин тапшырмаларын ыкчам ишке ашыруу. Тандоого катышууну каалаган адамдар арызын жана документтерин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна: Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205 дареги боюнча 107-кабинетке тапшыра алышат. Ошондой эле “e-Kyzmat” мамлекеттик вакансиялар порталынын жеке кабинети аркылуу электрондук форматта өтүнмө бере алышат. Өтүнмөгө электрондук форматтагы (сканерленген документтер) документтер тиркелет. Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон боюнча кайрылууга болот: 0312 66-15-13 (кадрлар бөлүмү). Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматы