Улук административдик кызмат орундары (ар түрдүү профилдеги жогорку билим) Коюлуучу талаптар: – Кыргыз Республикасынын соттолбогон жараны болууга тийиш; – жашы 21 ден жогору; – жогорку билими; – мамлекеттик же муниципалдык кызматтарда бир жылдан кем эмес иштеген, же кесиби боюнча үч жылдан кем эмес эмгек стажы; Кыргыз Республикасынын Конституциясы; “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү Нускамасы”; “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; КР «Сот аткаруучулардын статусу жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» мыйзамын; КР «КР судьяларынын статусу жөнүндө» мыйзамын; КР «КРнын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндөгү» мыйзамын; КР «Сот приставдары жөнүндөгү» мыйзамын; КР «Курал жарактар жөнүндөгү» мыйзамын; КР нын иш кагаздарды жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын 03.03.2020№120; «КРнын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти жөнүндөгү» Жобосун билүүгө тийиш. Конкурска катышуучу талапкерлер төмөндөгү документтерди даярдоосу зарыл: – талапкердин арызы; – өздүк баракчасы; – өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – резюме электрондук почтасын көрсөтүү менен; – сүрөт 3х4 өлчөмүндөгү 4 даана (көгүш фон); – мед. справка 086; – паспорттун көчүрмөсү (конкурс өткөрүлгөн күнү талапкер паспортунун түп нускасын өзү менен кошо алып келүүгө тийиш); – жогорку билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү нотариус тарабынан тастыкталган көчүрмөсү; – эмгек китепчесинин нотариустан же тиешелүү адис тарабынан тастыкталган көчүрмөсү. Документтер, жарыя чыккан күндөн тарта 10 иш күн аралыгында кабыл алынат. Бардык талаптарга жооп берген талапкерлер конкурска катыша алат. Конкурска катышуучу талапкерлер төмөнкү дарекке кайрылсын: Баткен шаары, Т.Садыков көчөсү 56, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгы. Сурап билүү телефону: (0 36 22 ) 5-02-92 Жазуулар боюнча багыттоо Баткен облустук Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү боюнча сынак жарыялайт.