Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобуна (сот пристав): Квалификациялык талаптар: 1. Кесиптик билимдин деңгээли: – каалаган профилдеги жогорку билими. 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Төмөндөгү мыйзамдарды билүүсү зарыл: Жалпы тестирлөө: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; КР «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы; КР «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы; КР «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы; КР «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускама». Предметтик тестирлөө: «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамы; «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы; Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016- жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси”; «Сот приставдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы; «Курал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы; «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти жөнүндө» Жобо. Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; компьютердик сабаттуулук жана керектүү өнүмдөрдү билүү (Word, Excel маалымат жана укуктук система). КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР e-Kyzmat автоматташтырылган маалымат системасынын https://kyzmat.gov.kg/ порталындагы “Жеке кабинет” аркылуу тапшырылат: – талапкердин жеке арызы; -негизги жана кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – эмгек китепчесинин көчүрмөсү; – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – аскер билетинин көчүрмөсү; – Форма № 086 медициналык маалымкат; – психикалык жана наркологиялык диспансердик маалымкат; – Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө талапкердин макулдугу. Жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипке жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт. Документтер 2026-жылдын 06-март саат 17-30 чейин электрондук түрдө кабыл алынат. Суроолор боюнча кайрылуу үчүн тел: 03522 51361. Жазуулар боюнча багыттоо Нарын облусунун Нарын районундагы Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтү башкы жана улук административдик муниципалдык кызмат орундарына резервин түзүү боюнча ачык сынак жарыялайт Ат-Башы райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык улук кызмат орундарына ички кадрлар резервин түзүү боюнча ачык конкурс жарыялайт