Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби мамлекеттик жарандык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс өткөрүүнү жарыялайт
Административдик кызмат орундардын кенже топтору үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
Билүүсү керек:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы.
2.Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы.
3.2020-жылдын 3-мартындагы № 120 Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө
мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
Компьютердик оргтехника менен иштөө жана керектүү программалык
өндүрүмдөргө ээ болуу (Word, Excel, «ТОКТОМ Про» маалыматтык-укуктук системасы):
— тексттик, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө;
— издөө системаларын колдонуу;
— ар кандай браузерлер менен иштөө.
Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар (экономика жана башкаруу жаатындагы багыт боюнча -экономика):
1.Кесиптик билим денгээли:
-Экономика жана башкаруу багытында жогорку билим-экономика.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
-«Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө»конституциялык Мыйзамдарын;
-«Бухгалтердик эсеп жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамдарын;
-2022-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын Судьялар
кеңешинин чечими менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби жөнүндө” Жобосун;
Билгичтиги:
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-1С электрондук системасында финансылык документтерди жүргүзүү;
-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
-тиешелүү тармакта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;
-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
-мамлекеттик жана / же расмий тилде ишкердик кат алышуулар;
-командада иштөө.
Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада
колдонуу.
Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар (филология багыт боюнча):
1.Кесиптик билим денгээли:
-«Кыргыз тили” адистиги боюнча жогорку филологиялык билими.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
-«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө», «Кыргыз
Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө» «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамдарын;
-Кыргыз Республикасынын «Соттук өз алдынча башкаруу органдары
жөнүндө» мыйзамын;
-2022-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечими менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби жөнүндө” Жобосун;
Билгичтиги:
-иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жана киргизүү боюнча иштерди жүргүзүү;
-локалдуу актылардын, буйруктардын, контракттардын, келишимдердин жана макулдашуулардын долбоорлорун, ошондой эле окуу материалдарын которууну камсыз кылуу;
-расмий тилден мамлекеттик тилге, мамлекеттик тилден расмий тилге документтерди которуу;
-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
-кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;
-командада иштөө;
Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аны практикада колдонуу.
Конкурска катышуу үчүн талапкерлерден төмөнкү документтер талап кылынат:
-жеке арыз;
-кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча сүрөт менен (4х6);
-өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
-резюме сүрөтү менен (электрондук дарегин көрсөтүү менен);
-нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн
негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
-нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
-окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
-паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келген маалда көрсөтүлөт).
Баардык документтер делого (скорошиватель) тиркелиши керек жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебине 2024-жылдын 30-апрелинен тартып 17-майына чейин (кошо эсептеп) саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201 дареги боюнча берилиши керек.
Маалыматтар үчүн телефон: (0312) 45-47-43.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген адамдардын ачык сынакка катышуусуна жол берилбейт.