Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик мамлекеттик кызматтын башкы жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине конкурс жарыялайт
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин кадрлар резервине конкурс:
— башкы жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө.
Кадрлар резервине кирүү үчүн талапкерлер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болуу;
2) жашы 21 жаштан кем эмес;
3) кадрлар резервине кирүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүү.
Кадрлар резервине кирүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
1) жогорку кесиптик билим: мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, маалыматтык технологиялар, колдонмо математика жана информатика, эл аралык мамилелер жана кыргыз тили (филолог)  багыттары боюнча;
2) иш стажына талаптар коюлбайт;
3) негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы.
— Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы.
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
4) предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
— “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрында № 258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди.
5) Билим адистигине (багытына) ылайык кесиптик компетенттүүлүгү:
5.1. Билгичтиги:
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— командада иштөө.
5.2. Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
2. Административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн:
1) жогорку кесиптик билим: мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, маалыматтык технологиялар, колдонмо математика жана информатика, кыргыз тили (филолог) багыттары боюнча;
2) мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;
3) негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
— “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
4) предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
— “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө Жобо;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди.
5) Билим адистигине (багытына) ылайык кесиптик компетенттүүлүгү:
5.1. Билгичтиги:
— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
— кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
— коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
— өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;
— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
— чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
5.2. Көндүмдөрү:
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдында сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкүдөй ырааттуулукта атайын папкага көктөп тапшыруу керек:
1)мамлекеттик кызмат орундарынын тобун көрсөтүү менен жеке арыз;
2)резюме идентификациялык жеке номерин көрсөтүү менен (жарактуу электрондук почтаны, телефонду көрсөтүү менен);
3)автобиография (соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
4)нотариалдык жактан же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
5)нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо);
6)окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо).
Ачык конкурска андан ары катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү керек.
Документтер 2024-жылдын 30-апрелинен 13-майына чейин саат 10.00дөн 17.00гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш., Чүй пр., 122, Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттик, каб.214 (ишемби жана жекшемби күндөрүнөн тышкары).
Түшкү тыныгуу 12.30 дан 13.30 га чейин.