Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппараты мамлекеттик жарандык кызматтын башкы жана улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак өткөрүү жөнүндө жарыялайт
Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) КР жараны болуусу;
2) 21 жаштан жаш болбоого;
3) кадрлар резервине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүсү.
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топторуна жалпы квалификациялык талаптар:
Административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн:
Билүү:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
3)Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
4)“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ;
5)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6)“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7)“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8)“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз РеспубликасынынМыйзамы;
9)“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы”.
Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
Билүү:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4)“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5)“Кыргыз Республикасынын ченемдик -укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”.
Административдик кызмат орундарынын бардык топтору үчүн:
• Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилди билүү.
• Компьютердик сабаттуулугу жана зарыл программалык продуктуларды (Word, Excel, «ТОКТОМ МамлекетПро»маалымат-укуктук системасы) билүүсү.
Административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн квалификациялык талаптар:
Стажы жана иш тажрыйбасы:
— мамлекеттик кызматтагы жана/же муниципалдык кызматтагы жалпысынан 3 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.
Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн квалификациялык талаптар:
Стажы жана иш тажрыйбасы:
– мамлекеттик кызматтагы жана/же муниципалдык кызматтагы жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Эл аралык байланыштар чөйрөсүндө
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын БАШКЫ жана УЛУК топтору үчүн кесиптик билиминин деңгээли
1)Кесиптик билиминин деңгээли:
2)юриспруденция, эл аралык мамилелер же эл аралык укук жагындагы жогорку кесиптик билими.
3)Билүү:
-«Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдары;
-«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө», «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
-Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенттери;
-Англис тилин Upper Intermediate деңгээлинен кем эмес (кызмат орундарынын башкы тобу үчүн) жана Intermediate деңгээлинен кем эмес (кызмат орундарынын улук тобу үчүн) билүү;
-башка чет тилдерин кошумча билүү артыкчылык болуп саналат;
-компьютердик сабаттуулугу.
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын БАШКЫ тобу үчүн кесиптик компетенциялар:
Билгичтиги:
-ишинин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана бөлүмдүн стратегиялык пландарын иштеп чыгуу;
-бөлүмдүн көйгөйлөрүн чечүүгө болгон мамилелерди талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;
-аналитикалык жана башка документтерди даярдоо;
-ата мекендик жана чет өлкөлүк мыйзамдарга салыштырмалуу укуктук талдоо жүргүзүү;
-башкаруу чечимдерин ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;
-кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
-көйгөйлөрдү чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;
-өз ишин жана бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
-чыр-чатак кырдаалдарын чечүү;
-ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо.
Көндүмдөрү:
-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
-бөлүмдү башкаруу (баш ийүүдөгү кызматкерлердин ортосунда милдеттерди жана тапшырмаларды рационалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнүн баш ийүүсүндөгүлөргө сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерин оперативдүү даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштөөнүн жаңы формаларын жана ыкмаларын издөө);
-укуктук маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жана иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;
-Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына юридикалык экспертиза (укуктук талдоо) жүргүзүү;
-жетекчиликти эл аралык жана ички иш-чараларда протоколдук камсыздоо;
-көп тараптуу форматтагы иш-чараларды өткөрүү;
-чет өлкөлүк иш сапарларды даярдоо жана уюштуруучулук жактан колдоо;
-компьютерди жана оргтехниканы, зарыл программалык продуктыларды билүү.
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын УЛУК тобу үчүн кесиптик компетенциялар:
Билгичтиги:
— маалыматты топтоо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— ата мекендик жана чет өлкөлүк мыйзамдарга салыштырмалуу укуктук талдоо жүргүзүү;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— жаңы эмгек шарттарына көнүү;
— ченемдик укуктук актыларга укуктук талдоо жүргүзүү методдору жаатында ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны изилдөө;
— ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо.
Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
— башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;
— Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына юридикалык экспертиза (укуктук талдоо) жүргүзүү;
— жетекчиликти эл аралык жана ички иш-чараларда протоколдук камсыздоо;
— көп тараптуу иш-чараларды өткөрүү;
— чет өлкөлүк иш сапарларды даярдоо жана уюштуруучулук жактан камсыздоо;
— компьютерди жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктыларды билүү.
Документтик камсыздоо чөйрөсүндө
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын УЛУК тобу үчүн кесиптик билиминин деңгээли:
1)Кесиптик билиминин деңгээли:
2)Адам ресурстарын башкаруу, юриспруденция, мамлекетик жана муниципалдык башкаруу багытындагы жогорку кесиптик билими;
3)Билүү:
— «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдары;
— «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенттери.
компьютердик сабаттуулук.
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын УЛУК тобу үчүн кесиптик компетенциялар:
Билгичтиги:
— маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
— чыр-чатак кырдаалдарын чечүү.
Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
компьютерди жана оргтехниканы, зарыл программалык продуктыларды билүү.
Маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын УЛУК тобу үчүн кесиптик билиминин деңгээли:
1. Кесиптик билиминин деңгээли:
2) жогорку кесиптик билими (жогорку техникалык билим, анын ичинде маалыматтык технологиялар тармагындагы билими артыкчылык болуп саналат).
3) Билүү:
— «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Регламенти;
— AD, DHCP, DNS, Proxy-Server, File-Server;
— 1C ишкана жана MySQL, MS SQL (артыкчылыктуу) программалары,
компьютердик сабаттуулук.
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын УЛУК тобу үчүн кесиптик компетенциялары:
— маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— жетекчиликтин баяндамаларынын жана сөздөрүнүн долбоорлорун даярдоо;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— мамлекеттик кызматчынын этикасын сактоо;
— сервердик жабдууларды орнотуу/комплекстүү тейлөө;
— тармак кабелин тартуу;
— маалыматтардын резервдик көчүрмөсүн жана калыбына келтирүү ыкмаларын колдонуу;
— тармактарды, сервердик жабдууларды, колдонуучуларды жана кирүү укуктарын башкаруу;
— веб-сайтты маалыматтык камсыздоону жүргүзүү (веб-программалоо);
— конституциялык сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө видео жана башка коммуникациялык байланышты камсыз кылуу;
— маалыматтык коопсуздуктун каражаттарын жана аларды иштөө технологияларын колдонуу.
Билгичтиги:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
-ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
-графикалык редакторлор менен иштөө, видеомонтаждоо;
-компьютер жана оргтехника, зарыл программалык продуктыларды билүү.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү берүү зарыл:
-өздүк арызы, кадрларды эсепке алуу баракчасы, сүрөтү, резюме, автобиографиясы (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
-паспорттун көчүрмөсү (паспорттун түп нускасы же инсандыгын ырастаган документ сынакка документтерди тапшырууда, ошондой эле тестирлөө этабында көрсөтүлөт);
-зарыл кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын ырастоочу документтер (нотариус же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясын жогорулатуу, окумуштуу даражасын жана окумуштуу наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү);
-сунуштама каттары (эгер болсо);
-толук маалымат КР Конституциялык сотунун https://constsot.kg/ru/ сайтында жайгаштырылган.
Көктөмөгө тиркелген документтер 2024-жылдын 4-апрелинен тартып 15-апрелди кошо алганда Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 39 дареги боюнча тапшырылышы керек. № 16 кабинет, телефон: 62-20-71.