Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматы Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына ылайык мамлекеттик жарандык кызматтын кадрлар резервине киргизүү үчүн кызматтардын кенже тобуна ачык сынак жарыялайт:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
-«Геология, чалгындоо жана кендерди иштетүү», «Геология», «География», «Гидрогеология», «Жаратылышты колдонуу жана экология», «Экономика», «Финансы жана кредит», «Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит» тармактарында жогорку кесиптик билими.
2. Эмгек стажы жана тажрыйбасы:
— кенже тобу үчүн: иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
Кенже административдик мамлекеттик кызмат орду үчүн:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү инструкция.
2.Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
3.Компьютердик сабаттуулук жана зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү (Word, Excel, Маалыматтык-укуктук система «ТОКТОМ Мамлекет Про»).
Предметтик мыйзамдарды билүү:
«Геология, чалгындоо жана кендерди иштетүү»; табият таануу илимдери «Геология», «География», «Гидрогеология», «Жаратылышты колдонуу жана экология» багыттары боюнча — кызматтардын кенже тобу
— Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жер казынасын пайдалануу укуктарын лицензиялоо маселелери жөнүндө» 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 токтому;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» 2014-жылдын 17-мартындагы №144 токтому.
«Экономика», «Финансы жана кредит», «Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит» багыты боюнча – кызматтардын кенже тобу
— Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө», «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жер казынасын пайдалануу укуктарын лицензиялоо маселелери жөнүндө» 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 токтому;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымды эсептөөнүн, төлөөнүн, чогултуунун жана карызды өндүрүүнүн тартибин бекитүү тууралуу» 2022-жылдын 12-августундагы № 449 токтому;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 570 тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламенти.
«Экономика», «Финансы жана кредит», «Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит» багыты боюнча – кызматтардын кенже тобу
— Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
— Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети» (ушул жылга), «Бухгалтердик эсеп жөнүндө», «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жер казынасын пайдалануу укуктарын лицензиялоо маселелери жөнүндө» 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 токтому;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 40 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Атайын эсеби жөнүндө жобосу»;
— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы № 137-П буйругу менен бекитилген Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчетту жүргүзүү боюнча жобосу.
3.2. Билгичтиги:
Кенже административдик мамлекеттик кызматтар үчүн:
Билгичтиги:
— жетекчилердин буйруктарын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдө Ата-Мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;
— кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жоопторду даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилде иштиктүү кат алышуу;
— презентацияларды уюштуруу;
— таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө маалыматтарды берүү;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдик укуктук базасынын маалыматтык системаларын пайдалануу;
— командада иштөө.
Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— жеке жана юридикалык жактардын кайрылуулары боюнча кат алышуу менен иштөө;
— компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу;
— талап коюучулук, жоопкерчилик, коммуникабелдүүлүк.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди делого тиркеп тапшыруу керек:
— жазуу жүзүндөгү өзүнүн арызы;
— кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү;
— Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.
Сынакка катышуу үчүн документтер 2024-жылдын 1-апрелинен тартып 15-апрели кошо төмөнкү дареги боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2, кабинет 218, тел.: 904040 (1094)