Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматы Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу ички аудит кызматынын кадрлар резервине улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөө үчүн ачык конкурстук тандоо жарыялайт
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу ички аудит кызматынын кадрлар резервине (мындан ары – КР ФМ караштуу ИАК) конкурс өткөрүлөт:
— административдик мамлекеттик бош кызмат орундарынын улук жана кенже топторун ээлөө үчүн.
Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болуу;
2) кеминде 21 жашта болушу керек;
3) кадрлар резервине киргизүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.
Мамлекеттик жарандык кызматтын улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө (жалпы мыйзамдарды билүүдө) колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) 2020-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө (жалпы мыйзамдарды билүүдө) колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) 2020-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билиминин деңгээли:
— жогорку экономикалык билим же башка (экономикалык эмес) билим;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ички аудитордун кесиптик деңгээлине коюлган талаптарга жооп берген ички аудитордун квалификациялык сертификаты.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— экономикалык адистиги боюнча мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө үч жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенциясы:
Билими (предметтик мыйзамдарды билүүсүнө тесттик тапшырмаларды түзүүдө пайдаланылуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси):
— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Ички аудит жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамы;
— 2013-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 498 токтому менен бекитилген “Ички аудит боюнча кеңеш жөнүндө” Жобо;
— 2013-жылдын 31-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 721 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудиторлорунун этикалык стандарттары”;
— 2013-жылдын 31-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 722 токтому менен бекитилген “Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоо жөнүндө” Жобо;
— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 14-сентябрындагы № 112-П «Кыргыз Республикасында ички аудиттин стандарттарын бекитүү жөнүндө» буйругу;
— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 22-январындагы №1-П «Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө» буйругу;
— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2008-жылдын 17-мартындагы №54-П буйругу менен бекитилген “Ички аудит боюнча колдонмо”;
— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2016-жылдын 28-декабрындагы №212-П буйругу менен бекатилген “Ички аудиттин сапатын жогорулатуу жана кепилдик программасын түзүү боюнча колдонмо”.
Жөндөмдөр:
-Кызматтын стратегиялык пландарын иштеп чыгуу;
-Бөлүмдүн пландарын жана отчетторун түзүү;
-ички аудитти жүргүзүүнү пландаштыруу жана уюштуруу;
-ички аудиттин объектисинин ишмердүүлүгүндө тобокелдиктерди башкаруу процесстерин баалоо жана өркүндөтүү;
-ички аудит объектисинде ички контроль тутумунун эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун баалоо;
-ички аудит объектисинин финансылык-чарбалык ишмердүүлүгү, жумуш процесси жана ички контрол тутуму жөнүндө маалыматты топтоо, талдоо, баалоо жана документтештирүү;
-жумуш процесстерин баяндоо, талдоо жана жакшыртуу боюнча ишти уюштуруу;
-ички аудиттин жыйынтыктары боюнча отчетторду калыптоо;
-ички аудит объектисинин кызматкерлерине ички аудиттин функцияларын түшүндүрүү;
-маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-аналитикалык документтерди даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны иш жүзүндө колдонуу;
-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
-кызматтык документтерди мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдоо;
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
-жарандардын кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду даярдоо;
-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде кат алышууну жүргүзүү;
-командада иштөө.
Көндүмдөр:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды күнүмдүк ишинде колдонуу;
-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү;
-кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында сүйлөө;
-башкаруучу чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
-компьютердик жана уюштуруучу техниканы, зарыл программалык продуктыларды колдонуп иштөө.
Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар:
1.Кесиптик билиминин деңгээли:
-жогорку экономикалык билим же башка (экономикалык эмес) билим;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ички аудиторлордун кесиптик деңгээлине коюлган талаптарга жооп берген ички аудитордун квалификациялык сертификаты.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
-экономикалык адистиги боюнча мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө үч жылдан кем эмес иш стажы.
3.Кесиптик компетенциясы:
Билими (предметтик мыйзамдарды билүүсүнө тесттик тапшырмаларды түзүүдө пайдаланылуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси):
— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Ички аудит жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамы;
— 2013-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 498 токтому менен бекитилген “Ички аудит боюнча кеңеш жөнүндө” Жобо;
— 2013-жылдын 31-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 721 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудиторлорунун этикалык стандарттары”;
— 2013-жылдын 31-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 722 токтому менен бекитилген “Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоо жөнүндө” Жобо;
— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 14-сентябрындагы № 112-П «Кыргыз Республикасында ички аудиттин стандарттарын бекитүү жөнүндө» буйругу;
— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 22-январындагы №1-П «Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө» буйругу;
— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2008-жылдын 17-мартындагы №54-П буйругу менен бекитилген “Ички аудит боюнча колдонмо”;
— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2016-жылдын 28-декабрындагы №212-П буйругу менен бекатилген “Ички аудиттин сапатын жогорулатуу жана кепилдик программасын түзүү боюнча колдонмо”.
Жөндөмдөр:
-Кызматтын стратегиялык пландарын иштеп чыгуу;
-ички аудитти жүргүзүүнү пландаштыруу жана уюштуруу;
-ички аудиттин объектисинин ишмердүүлүгүндө тобокелдиктерди башкаруу процесстерин баалоо жана өркүндөтүү;
-ички аудит объектисинде ички контроль тутумунун эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун баалоо;
-ички аудит объектисинин финасылык-чарбалык ишмердүүлүгү, жумуш процесси жана ички контрол тутуму жөнүндө маалыматты топтоо, талдоо, баалоо жана документтештирүү;
-жумуш процесстерин баяндоо, талдоо жана жакшыртуу боюнча ишти уюштуруу;
-ички аудиттин жыйынтыктары боюнча отчетторду калыптоо;
-ички аудит объектисинин кызматкерлерине ички аудиттин функцияларын түшүндүрүү;
-кызматтык документтерди мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдоо;
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-документтерди, маалыматты, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
-өзүнүн ишмердүүлүгүн натыйжалуу пландаштыруу;
-жарандардын кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду даярдоо;
-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде кат алышууну жүргүзүү;
-командада иштөө.
Көндүмдөр:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды күнүмдүк ишинде колдонуу;
-компьютердик жана уюштуруучу техниканы, зарыл программалык продуктыларды колдонуп иштөө.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүдөй иретте скоросшивателге (Дело №_____) көктөлгөн төмөнкү документтер берилет:
— КР ФМ караштуу Ички аудит кызматынын төрагасынын атына мамлекеттик кызмат орундарынын тобун көрсөтүү менен жеке арыз;
— сүрөтү бар резюме (электрондук почтаны жана соттолгондугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен);
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин (бар болсо) көчүрмөлөрү;
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
— окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— ички аудитордун квалификациялык сертификатынын көчүрмөсү (сертификаттын түп нускасы менен кошо көрсөтүлөт);
— соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымкат.
Ачык конкурска андан ары катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү керек.
Документтер 2024-жылдын 02-апрелинен 12-апрелине чейин саат 10-00 дөн 17-00 гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш., Киев көч., 96 «б», Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматы, каб. 320, Тел. 62-01-83, тыныгуу 12-30 сааттан 13-30 саатка чейин.