Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти мамлекеттик жарандык кызматынын кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт.

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын кенже топторуна жалпы квалификациялык талаптар
1.Билүүгө тийиш:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө« Мыйзамы;
3)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
— компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, Power Point, «ТОКТОМ Мамлекеттик Про» маалымат-укуктук система);

Кенже топтогу административдик кызмат орундарына квалификациялык талаптар:

Кесиптик билим деңгээли:
— юриспруденция багыты боюнча гуманитардык илимдер жаатындагы жогорку кесиптик билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
-иш стажына талаптар коюлбайт.
Билүүгө тийиш:
“Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө”, “Маданият жөнүндө”; “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”, “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө”; 2017-жылдын 1-мартындагы №131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматкерлеринин жана муниципалдык кызматкерлеринин ишин баалоо жана эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө”; 2017-жылдын 14-мартындагы №152 “Мамлекеттик органдардын юридикалык кызматы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомдору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10.06.2013-ж. № 341 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламенти;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 16-июнундагы № 5389-v токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускама;
Билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жүргүзүү жана аны иш жүзүндө колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
жарандардын кайрылуулары боюнча карап чыгуу жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө.

Кенже топтогу административдик кызмат орундарына квалификациялык талаптар:
Кесиптик билим деңгээли:
түрдүү багыттагы жогорку кесиптик билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
-иш стажына талаптар коюлбайт.
Билүүгө тийиш:
Кыргыз Республикасынын “Эл аралык келишимдери жөнүндө” Мыйзамы;
“Кыргыз Республикасынын 1969-жылдын 23-майындагы Эл аралык келишимдердин укугу жөнүндө Вена конвенциясына кошулуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө” Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Маданият жөнүндө”,
Билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жүргүзүү жана аны иш жүзүндө колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
жарандардын кайрылуулары боюнча карап чыгуу жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө.

Кенже топтогу административдик кызмат орундарына квалификациялык талаптар:
Кесиптик билим деңгээли:
-түрдүү багыттагы жогорку кесиптик билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
-иш стажына талаптар коюлбайт.
Билүүгө тийиш:
“Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө”, “Маданият жөнүндө”; “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”, “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө”; 2017-жылдын 1-мартындагы №131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматкерлеринин жана муниципалдык кызматкерлеринин ишин баалоо жана эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө”; 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 «Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү тууралуу” токтомдору;
Билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жүргүзүү жана аны иш жүзүндө колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
жарандардын кайрылуулары боюнча карап чыгуу жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилде иштиктүү кат алышуу;

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
-жеке арызы,
-кадрларды каттоо баракчасы 3 х 4 өлчөмдөгү сүрөтү менен;
-автобиография (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— Резюме;
— сунуштамалар;
— билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража ыйгаруу, илимий наам ыйгаруу жөнүндө документтеринин көчүрмөсү;
— эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек китепчесинин жана дипломдун көчүрмөлөрү нотариалдык жактан же иштеген жери боюнча кадрлар бөлүмүндө күбөлөндүрүлүшү керек);
— паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт).

Эскертүү:
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар сынакка катышууга киргизилбейт. Байланыш телефондору жана жашаган дареги көрсөтүлүшү керек.

Документтер 2022-жылдын 11-апрелинде саат 18.00го чейин Бишкек ш., Логвиненко көч. 13 дареги боюнча 5-каб. кабыл алынат, Байланыш үчүн телефондор 30-02-65, 30-10-46.
Кошумча маалыматты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин (mkk.gov.kg) жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин (goskino.kg) расмий сайттарынан ала аласыздар.