Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги мамлекеттик кызматтын башкы, улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине конкурс жарыялайт
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин кадрлар резервине конкурс (борбордук аппарат, аймактар аралык башкармалыктар):
— башкы, улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө.
Кадрлар резервине кирүү үчүн талапкерлер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болуу;
2) жашы 21 жаштан кем эмес;
3) кадрлар резервине кирүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүү.
Кадрлар резервине кирүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
1) жогорку кесиптик билим (экономика, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, маалымат технологиялары, филология жана юриспруденция багыттары боюнча);
2) иш стажына талаптар коюлбайт;
3) негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
4) предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрында № 258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо;
— Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы.
2. Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
1) жогорку кесиптик билим (экономика, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, маалымат технологиялары, филология жана юриспруденция багыттары боюнча);
2) мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы стажы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
4) предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө Жобо.
3. Административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн:
1) жогорку кесиптик билим (экономика, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, маалымат технологиялары, филология жана юриспруденция багыттары боюнча);
2) мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;
3) негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
4) предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
— Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө Жобо.
4. Билим адистиктерине (багыттарына) ылайык кесиптик компетенциялар:
4.1. Билим:
— жеке компьютер жана кеңсе программаларын мыкты билүү;
— милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
— жумуш милдеттерин аткаруу үчүн талап кылынган көлөмдө англис тилин билүү;
— бир нече чет тилдер артыкчылык болуп саналат.
4.2. Жөндөмдүүлүк:
— жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу,
— кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— командада иштөө;
— чоң маалымат массивдерин иштетүү;
— маалыматтарды чогултуу жана маалыматтарды талдоо;
— демилгелүүлүк, жоопкерчилик;
— маалыматтар базасы менен иштөө.
4.3. Көндүмдөр:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— аналитикалык документтерди даярдоо
— компьютердик программаларды иштеп чыгуу жана компьютердик программаларды түзүү боюнча милдеттерди коюу;
— электрондук маалымат базалары менен иштөө;
— процесстерди структуралык моделдөө;
— башкаруу бизнес процесстерин моделдөө;
— маалыматтык-аналитикалык документтерди түзүү;
— маалыматтарды чогултуу, системалаштыруу жана жалпылоо;
— окутуучу семинарлардын презентацияларын уюштуруу жана өткөрүү;
— уюштуруу иштери;
— изилдөө иштери;
— тапшырмаларды пландаштыруу жана натыйжаларды баалоо;
— тапшырмаларды ыкчам аткаруу.
Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкүдөй ырааттуулукта атайын папкага көктөп тапшыруу керек:
1)мамлекеттик кызмат орундарынын тобун көрсөтүү менен жеке арыз;
2)резюме (жарактуу электрондук почтаны, телефонду көрсөтүү менен);
3)автобиография (соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
4)нотариалдык жактан же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
5)нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо);
6)окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
7)паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).
Ачык конкурска андан ары катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү керек.
Документтер 2023-жылдын 9-октябрынан 19-октябрына чейин саат 10.00дөн 17.00гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш., Чүй пр., 122, Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттик, каб.214 (ишемби жана жекшемби күндөрүнөн тышкары).
Түшкү тыныгуу 12.30 дан 13.30 га чейин.