Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги мамлекеттик жарандык кызматтын улук жана кенже администрациялык кызмат орундардын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак өткөрүү жөнүндө жарыялайт.
Квалификациялык талаптар:
1) администрациялык кызмат орундардын улук топтору үчүн:
— төмөнкү багыттар боюнча жогорку билим: экономика жана башкаруу; финансы; юридикалык;
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын жыйындысы боюнча бир жылдан кем эмес стажы же болбосо тиешелүү кесипкөй чөйрөсүндө үч жылдан кем эмес стажы;
— мамлекеттик сатып алууларды башкаруу боюнча сертификаттын болушу талаптуу.
2) администрациялык кызмат орундардын кенже топтору үчүн:
— төмөнкү багыттар боюнча жогорку билим: экономика жана башкаруу; финансы; юридикалык; мамлекеттик башкаруу; инженердик-техникалык (анын ичинде маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө); гуманитардык илимдер (лингвистика, кыргыз тили);
— иш стажына талап коюлбайт;
— мамлекеттик сатып алууларды башкаруу боюнча сертификаттын болушу талаптуу.
Администрациялык мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топторуна жалпы квалификациялык талаптар.
Администрациялык кызмат орундардын улук топтору үчүн:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү:
Жалпы мыйзамдар:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
1. “Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
2. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3. “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4. “Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5. “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6. “Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7. “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 24 — сентябрындагы № 183 “Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө” токтому;
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 “Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу” токтому;
11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 291 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо.
2) Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
3) Компьютердик сабаттуулугу жана санариптик иш-билгилиги;
4) Билүүсү керек жана көндүмү:
билгичтиги:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— талданма документтерди даярдоо;
— мамлекеттик мүлктү башкаруу жаатындагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына ынгайлашуу;
көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикалык иштерде колдонуу;
— ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык өнүмдөрдү колдоно билүү.
Администрациялык кызмат орундардын кенже топтору үчүн:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү:
Жалпы мыйзамдар:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
1. “Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
2. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3. “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4. “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 24 — сентябрындагы № 183 “Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө” токтому;
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 “Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу” токтому;
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 291 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо.
2) Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
“Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча адис” кызмат орду үчүн иштиктүү адабий жазуу жана оозеки мамлекеттик тилди колдонуу менен мамлекеттик тилге/ мамлекеттик тилден документтерди которууну билүү;
3) Компьютердик сабаттуулугу жана санариптик иш-билгилиги;
4) Билүүсү керек жана көндүмү:
билгичтиги:
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— мамлекеттик мүлктү башкаруу жаатындагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— командада иштөө:
көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикалык иштерде колдонуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык өнүмдөрдү колдоно билүү.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди көктөмөдө берүү милдеттүү:
— форма боюнча өзүнүн өтүнүчү (арызы);
— сүрөтү менен резюмеси (электрондук почтасын көрсөтүү жана соттолгондугу жөнүндө же болбосо соттолбогондугу тууралуу маалыматын көрсөтүү менен);
— негизги жана кошумча (эгерде бар болсо) билимин бышыктаган, нотариалдык же акыркы иштеген жерден күбөлөгөн документтердин көчүрмөсү;
— эмгек китепчесинин нотариалдык же акыркы иштеген жерден күбөлөнгөн көчүрмөсү;
— илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө (эгерде бар болсо) документтердин көчүрмөсү;
— паспорттун түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт.
Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.
Сынакка катышууга келген жактар сунуштоо каттарын кошумча беришсе болот.
Документтерди берүү мөөнөтү 2024-жылдын 9-июлунан 5-августуна чейин.
Сынакка катышуу үчүн документтер: Бишкек шаары, Москва көчөсү 151, кабинет 206 дареги боюнча саат 9-00 – 17-00 чейин кабыл алынат.
Маалымат үчүн телефон: 61-09-27.
ЭСКЕРТҮҮ: белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандар сынакка катышууга уруксаат берилбейт.