КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо Департаментинин кадрлар резервине киргизүү үчүн коюлуучу квалификациялык талаптар Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн: Сектор башчысынын (башкы бухгалтер) административдик мамлекеттик кызмат ордуна төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет – 1 бирдик (С-А) 1.Кесиптик билиминин деңгээли: – жогорку экономикалык билим, бухгалтердик эсеп жана аудит. 2.Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес. Жалпы мыйзамдарды билүүсү: 1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2)“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”; 3)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”; 4)“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”; 5)“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”; 6)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2020-ж. № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”. Предметтик мыйзамдарды билүүсү: -Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин; -Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин. -Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарын:“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”,“ Бухгалтердик эсеп жөнүндө”. -Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы №137-п буйругу менен бекитилген Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчетту жүргүзүү боюнча жобону; -бухгалтердик эсеп жаатында билим. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн: Жетектөөчү адисинин (бухгалтер) административдик мамлекеттик кызмат ордуна төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет – 1 бирдик (М-А) 1.Кесиптик билиминин деңгээли: – жогорку экономикалык билим, бухгалтердик эсеп жана аудит. 2.Иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажына талаптар коюлбайт. Жалпы мыйзамдарды билүүсү: 1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”; 3)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2020-ж. № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”. Предметтик мыйзамдарды билүүсү: -Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин. -Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарын:“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”; -Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы №137-п буйругу менен бекитилген Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчетту жүргүзүү боюнча жобону; Бардык топторго тиешелүү көндүмдөр: Билгичтиги: -түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү; -кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; -коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; -өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу; -ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; -чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу. -маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; -аналитикалык документтерди даярдоо; -кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; -иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; -эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу. Көндүмдөрү: -аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгу маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; -ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды практикада колдоно билүү; -компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү Microsoft Office (Word,Excel) Интернет, 1С программасын; -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; -ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү. Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл: -жеке арыз; -сүрөтү менен резюме (уюлдук номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен); -өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен); -нотариалдык күбөлөндүрүлгөн диплом жана кошумча билимин тастыктаган дипломунун (бар болсо) көчүрмөлөрү; -нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо); -илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; -паспорттун көчүрмөсү. Документтерди кабыл алуу убактысы:2024-жылдын 16-сентябрынан 27-сентябрын кошо алган күнгө чейин саат 9:00-17:00 чейин. Документтерди кабыл алуу орду:Бишкек шаары, Манас проспектиси, 28, 5-кабат, 505а кабинети. Байланыш номери 0555-67-19-62, 0770-67-19-62 ватсапп, (0312)31-25-47 Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык, аймактык органдарынын улук жана кенже топторунун административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык тандоо сынагын жарыялайт. КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо Департаменти