Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!
Урматтуу кесиптештер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен чын дилимден куттуктайм!
Сиздер менен бирге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик күнүн – белгилөө алдында турабыз. Мамлекеттик башкаруу тутумунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ролу эң маанилүү жана олуттуу экендиги баарыбызга белгилүү.
Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн баардык тармактарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер талыкпай эмгектенишип, өз мекенин сүйүү жана күжүрмөн аракети менен мамлекеттүүлүгүбүздүн бекемделишине зор салымдарын кошуп келишүүдө.
Ошону менен бирге, азыркы учурда элге кызмат кылуунун сапаттарын, таасирдүүлүгүн жогорулатуу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге коюлган талаптар жогорулатылды. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдар, ченемдик укуктук актылар азыркы учурдун талаптарына ылайык өзгөрүүгө дуушар болууда.
Сиздердин алдыңыздарга коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткарышыңарга жетүү үчүн ак ниеттүү, айбийирдүү, кесипкөй сапаттарыңыздар менен элибиздин жашоосун жакшыртууга, өлкөбүздүн экономикасын көтөрүүгө бардык күч-аракеттериңиздерди жумшаарыңарга ишенем.
Баардыңыздарга чың ден соолук, үй бүлөлүк бакыт-таалай жана жооптуу иштериңиздерге ийгилик каалайм!
Тарыхы чоң мекенибиз Кыргызстанда ар дайым тынчтык, ынтымак жана ачык асман болсун!
Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетине караштуу
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү
өз алдынча башкаруу иштери боюнча
мамлекеттик агенттиктин директору
Джантаев Элчибек Нуржадыевич