Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик мамлекеттик кызматтын башкы административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине конкурс жарыялайт
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин кадрлар резервине конкурс:
— башкы административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө.
Кадрлар резервине кирүү үчүн талапкерлер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болуу;
2) жашы 21 жаштан кем эмес;
3) кадрлар резервине кирүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүү.
КАДРЛАР РЕЗЕРВИНЕ КИРҮҮ ҮЧҮН ТАЛАПКЕРЛЕР ТӨМӨНКҮ КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАРГА ЫЛАЙЫК КЕЛҮҮГӨ ТИЙИШ:
1.АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНЫН БАШКЫ ТОБУ ҮЧҮН:
1)жогорку кесиптик билим;
2)мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес;
3)негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;
3.“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
4.“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5.“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6.“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7.“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8.“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9.“Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10.“Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
11.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
4) предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
1.“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамын;
2.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин;
3.Кыргыз Республикасынын Салык кодексин;
4.Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексин;
5.“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6.“Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7.“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8.“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9.“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10.“Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
11.“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
12.“Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
13.“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
14.“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
15.“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
16.“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
17.“Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
18.“Ош шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
19.Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика Кодекси;
20.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө Жобо.
5) кесиптик компетенттүүлүгү:
билгичтиги:
— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
— кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
— коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
— өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;
— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
— чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
көндүмдөрү:
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдында сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН ДОКУМЕНТТЕРДИН ТИЗМЕГИ ЖАНА АЛАРГА КАРАТА ТАЛАПТАР:
1)өзүнүн арызы;
2)резюме (электрондук почтаны, СИН жеке идентификациялык номерин жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
3)акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
4)акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
5)Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.
Ачык конкурска андан ары катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү керек.
Документтер 2025-жылдын 22-августунан 2-сентябрына чейин саат 10.00дөн 17.00гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш., Чүй пр., 122, Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттик, каб.214 (ишемби жана жекшемби күндөрүнөн тышкары).
Түшкү тыныгуу 12.30 дан 13.30 га чейин.