Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги (мындан ары-Агенттик) жана “Укук булагы” долбоорун ишке ашырып жаткан USAIDдин Ист-Вест менеджмент институтунун Кыргыз Республикасындагы филиалы Кыргыз Республикасында аксакалдар соттору институтун мындан ары өнүктүрүү максатында пилоттук аксакалдар сотторун тандап алуу боюнча конкурс жарыялады.