Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик мамлекеттик кызматтын улук жана башкы административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине конкурс жарыялайт
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин кадрлар резервине конкурс:
– улук жана башкы административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө.
Кадрлар резервине кирүү үчүн талапкерлер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болуу;
2) жашы 21 жаштан кем эмес;
3) кадрлар резервине кирүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүү.
Кадрлар резервине кирүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1. Административдик кызмат орундарынын УЛУК тобу үчүн:
1) жогорку билим;
2) мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;
3) негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3.“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4.“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5.“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6.“Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
4)предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
1.“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
2.“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3.“Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4.“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5.“Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6.“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7.“Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8.Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика Кодекси;
9.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрында № 258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө Жобо;
– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди.
5) кесиптик компетенттүүлүгү:
– билгичтиги:
– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– аналитикалык документтерди даярдоо;
– тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
– эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;
– көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
– ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
2. Административдик кызмат орундарынын БАШКЫ тобу үчүн:
1) жогорку билим;
2) мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес;
3) негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3.Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
4.“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5.“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6.“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7.“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8.“Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9.“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10.“Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
11.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
4) предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
1.“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамын;
2.“Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3.“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4.“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5.“Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6.“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7.“Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8.“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 85 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Жобо;
10.Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика Кодекси;
11.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө Жобо;
– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди.
5) кесиптик компетенттүүлүгү:
– билгичтиги:
– иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
– түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
– кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
– коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
– өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;
– ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
– чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
– көндүмдөрү:
– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
– түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
– маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
– натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдында сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Конкурска катышууну каалаган адамдар “e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу:
– электрондук форматта өтүнмө берет;
– Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун ырастайт;
– мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген антикоррупциялык чектөөлөрдү кабыл алууну ырастайт.
Өтүнмөгө төмөнкү электрондук форматтагы документтер (сканерленген документтер) тиркелет:
1)негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документ;
2)иш тажрыйбасын тастыктаган документ (эмгек китепчеси бар болгон учурда);
3)паспорт (түп нускасы конкурстун ар бир этабында көрсөтүлөт).
Конкурска катышуу үчүн өтүнмө 2026-жылдын 29-январынан 11-февралына чейин “e-Kyzmat” мамлекеттик порталы  https://kyzmat.gov.kg/аркылуу кабыл алынат.
Ачык конкурска андан ары катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү керек.