КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА АГЕНТТИКТИН ДИРЕКТОРУ -У.К. КАРЫПБЕКОВДУН КУТТУКТООСУ
«Урматтуу, Кыргызстандыктар, ардактуу мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер!
Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!
Жарандардын бакубат жашоосуна багытталган өлкөнүн башкаруусунун өзөгү — анын мамлекеттик саясатынын туткасын кармап турган кадрдык потенциалдан көз каранды. Демек мамлекеттик кызматтын күжүрмөн армиясы өлкө турмушунун баардык багыттарында дайым жогорку даярдыкта, так стратегияда иш алып буруусу абзел.
Мекенчилдик бийик духка сугарылган адискөйлүктү, тактыкты талап кылган жоопкерчиликтүү ишиңиздерде өлкө келечегинин пайдубалы улам бекем түптөлүп, жаркын келечекке чабылган жолдоруңар даңгыр болсун!
Өлкө саясатынын аткаруу кызматында турганда үй-бүлөлүк тылыңыздар бекем болуп, саламаттыгыңыздар чың болсун!
Жан дүйнөсү тынч, көңүлү топук кызматкер — өлкө тиреги!
Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!»
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Карыпбеков Улан Кадырсултанович