Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы № 226 “Айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарына, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын, облустук маанидеги шаардын мэринин жана анын орун басарынын кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резервине киргизүүгө коңкурс жарыялайт.

Документтер электрондук форматта 2026-жылдын 13-февралынан                          18-февралына чейин иш күндөрү саат 9:00 дөн 18:00гө чейин кабыл алынат.

Конкурс үч этапта өткөрүлөт:

  • Биринчи этап –квалификациялык талаптарга иш стажы, билими жана иш профили боюнча ылайык келүүсүн аныктоо үчүн талапкерлердин документтерин кароо.
  • Экинчи этап– компьютердик тестирлөө (тестирлөө үчүн ЧУА тизмеси).
  • Үчүнчү этап – конкурстук комиссиянын мүчөлөрү менен аңгемелешүү.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы-акиминин кызмат ордуна квалификациялык талаптар:

– жогорку билим;

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жыйындысында 7 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызмат орундарында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, же болбосо мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта 10 жылдан кем эмес иш стажы бар, же болбосо мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган чөйрөлөрдө 7 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар.

Облустук маанидеги шаардын мэринин кызмат ордуна

квалификациялык талаптар:

жогорку билим;

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жыйындысында 7 жылдан кем эмес, анын ичинен жетекчилик кызмат орундарында 5 жылдык иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта 10 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган чөйрөлөрдө 7 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар.

Облустук маанидеги шаардын мэринин орун басары кызмат ордуна

квалификациялык талаптар:

жогорку билим;

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда жыйындысында
3 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар.

Конкурска катышууну каалаган адамдар тийиштүү мамлекеттик порталдагы жеке кабинети аркылуу электрондук форматтагы өтүнмөнү берет.

Конкурсант оферта келишиминде анын электрондук форматтагы жеке маалыматтарын чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун берет.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген) берилет:

– жогорку билиминин бар экендигин ырастаган документтер;

– эмгек китепчеси;

– окумуштуулук даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтер (болсо);

– туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

– мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билүү сертификаты;

– мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө коррупцияга каршы чектөөлөрдү кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенме форма боюнча.

Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу: тел.: (0312) 62 04 12, 66 01 49,                66 01 98