Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик
Дареги: Бишкек шаары, Чүй пр. 122, тел.: 62-04-05, Факс 62-03-10, Ишеним телефону: 66-03-39, WhatsApp 0990774430. Email: gagsmsu@gmail.com
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Түштүк аймактар аралык башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы № 226 “Айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарына, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, райондук маанидеги шаардын мэри жана айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордун ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн коңкурс жарыялайт. Документтер электрондук форматта 2026-жылдын 5-мартынан 9-мартына (кошо алганда) чейин саат 9:00 дөн 18:00гө чейин кабыл алынат.
Конкурс үч этапта өткөрүлөт:− Биринчи этап –квалификациялык талаптарга иш стажы, билими жана иш профили боюнча ылайык келүүсүн аныктоо үчүн талапкерлердин документтерин кароо.− Экинчи этап – компьютердик тестирлөө (тестирлөө үчүн ЧУАтизмеси).− Үчүнчү этап – конкурстук комиссиянын мүчөлөрү менен аңгемелешүү.Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна квалификациялык талаптар:– жогорку билим;– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жыйындысында 5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызмат ордундарында 3 жылдык иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта 7 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган чөйрөлөрдө 5 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар.
Конкурска катышууну каалаган адамдар тийиштүү мамлекеттик порталдагы жеке кабинети аркылуу электрондук форматтагы өтүнмөнү берет. Конкурсант оферта келишиминде анын электрондук форматтагы жеке маалыматтарын чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун берет.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер электрондук форматта(сканерленген) берилет:– жогорку билиминин бар экендигин ырастаган документтер;– эмгек китепчеси;– окумуштуулук даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндөдокументтер (болсо);– туулгандыгы тууралуу күбөлүк;– мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билүү сертификаты;– мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө коррупцияга каршы чектөөлөрдү кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенме форма боюнча.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Түштүк аймактар аралык башкармалыгы. Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу: Агенттиктин Түштүк аймактар аралык башкармалыгы:– Дареги: Ош ш. Алымбек датка көчөсү 221, (КР Президентинин облустагы ыйгарымукуктуу өкүлүнүн имараты, 2- кабат).Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу тел.:(03222) 5-66-15, 5-50-76.– Дареги: Баткен ш. Т.Садыков көчөсү 1, (КР Президентинин облустагыыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараты, 1- кабат).Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу тел.:(03622) 5-02-93.– Дареги: Манас ш. Ж.Абдурахманов көчөсү 6, (КР Президентинин облустагыыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараты).– Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу тел.:(03722) 2-45-66, 2-43-06.