Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти. Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл: – жеке арыз; – сүрөтү менен резюме (уюлдук номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен); – өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен); – нотариалдык күбөлөндүрүлгөн диплом жана кошумча билимин тастыктаган дипломунун (бар болсо) көчүрмөлөрү; – нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – паспорттун көчүрмөсү. Документтерди кабыл алуу убактысы: 2023-жылдын 28-ноябрынан баштап 2023-жылдын 8-декабрына саат 9:00-18:00 чейин. Документтерди кабыл алуу орду: Бишкек шаары, Манас проспектиси, 28, 4-кабат, 403 кабинети. Байланыш номери 0559 408 407 Кадрлар резервине киргизүү үчүн коюлуучу квалификациялык талаптар Административдик кызмат орундарыны башкы тобу үчүн: – жогорку билим: “Курулуш” профили боюнча: “Өнөр жай жана жарандык курулуш”, “Айыл чарба курулушу”, “Гидротехникалык курулуш” “Архитектура” профили боюнча: “Архитектура” адиси. – жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стаж Жалпы мыйзамдарды билүүсү: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”; 2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”; 3) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”; 4) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”; 5) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”; 6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2020-ж. № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”. Предметтик мыйзамдарды билүүсү: 1) Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодекси; 2) Кыргыз Республикасынын Жер кодекси; – Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: 3) “Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө”; 4).“Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө”; 5) “Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө”; 6).“Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”; 7) “Имараттар менен курулмалардын коопсуздугу” техникалык регламенти; 8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10.02.2009-ж. № 95 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобосу”; 9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 06.08.2021-ж. № 114 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобосу”; 10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 20.05.2022-ж. №260 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жөнүндө жобосу”. Административдик кызмат орундарыны улук тобу үчүн: – жогорку билим: “Курулуш” профили боюнча: “Өнөр жай жана жарандык курулуш”, “Айыл чарба курулушу”, “Гидротехникалык курулуш” “Архитектура” профили боюнча: “Архитектура” адиси. – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стаж Жалпы мыйзамдарды билүүсү: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”; 3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”; 4) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”; 5) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”; 6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2020-ж. № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”. Предметтик мыйзамдарды билүүсү: 1) Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодекси; 2) Кыргыз Республикасынын Жер кодекси; – Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: 3) “Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө”; 4).“Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө”; 5) “Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө”; 6).“Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”; 7) “Имараттар менен курулмалардын коопсуздугу” техникалык регламенти; 8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10.02.2009-ж. № 95 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобосу”; 9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 06.08.2021-ж. № 114 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобосу”; 10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 20.05.2022-ж. №260 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жөнүндө жобосу”; Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн: – жогорку билим: “Курулуш” профили боюнча: “Өнөр жай жана жарандык курулуш”, “Айыл чарба курулушу”, “Гидротехникалык курулуш” “Архитектура” профили боюнча: “Архитектура” адиси. – иш стажына талаптар коюлбайт. Жалпы мыйзамдарды билүүсү: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”; 3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2020-ж. № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”. Предметтик мыйзамдарды билүүсү: Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: 1) “Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө”; 2).“Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө”; 3) “Имараттар менен курулмалардын коопсуздугу” техникалык регламенти; 4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10.02.2009-ж. № 95 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобосу”; 5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 06.08.2021-ж. № 114 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобосу”; 6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 20.05.2022-ж. №260 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жөнүндө жобосу”; Төмөнкүлөрдү билүү: Бардык топторго тиешелүү билгичтиктер: Архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын ченемдерин сактоого мамлекеттик контролду жүргүзүү, атап айтканда: – республикалык маанидеги объекттердин курулушуна мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлүн жүргүзүү; – техникалык жана архитектуралык-курулуш документтери менен иштөө; – ченемдик укуктук жана техникалык актылардын талаптарын сактоону камсыз кылуу; – милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө; – иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; – түзүмдүк бөлүмдүн көйгөйлөрүн чечүүгө болгон мамилени талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо; – башкаруучулук чечимдерди тез кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу. Бардык топторго тиешелүү көндүмдөр: – натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү, жолугушууларды жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү; – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; – бузууларды өз убагында четтетүү боюнча талаптар; – укук бузуулар жөнүндө материалдарды кароо; – объекттерди өз алдынча курууну жана эксплуатациялоону токтотуу боюнча мыйзамда белгиленген тартипте чараларды көрүү; – аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; – маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; – компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программарды колдоно билүү. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаменти