Конкурс үч этапта өткөрүлөт: Биринчи этап –квалификациялык талаптарга иш стажы, билими жана иш профили боюнча ылайык келүүсүн аныктоо үчүн талапкерлердин документтерин кароо. Экинчи этап– компьютердик тестирлөө (тестирлөө үчүн ЧУА тизмеси). Үчүнчү этап – конкурстук комиссиянын мүчөлөрү менен аңгемелешүү. Облустук маанидеги шаардын мэринин орун басары кызмат ордуна квалификациялык талаптар: – жогорку билим; – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда жыйындысында 3 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар. Райондук маанидеги шаардын мэринин орун басары кызмат ордуна квалификациялык талаптар: – жогорку билим; – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда жыйындысында 3 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна квалификациялык талаптар: – жогорку билим; – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жыйындысында 5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызмат ордундарында 3 жылдык иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта 7 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган чөйрөлөрдө 5 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар. Конкурска катышууну каалаган адамдар тийиштүү мамлекеттик порталдагы жеке кабинети аркылуу электрондук форматтагы өтүнмөнү берет. Конкурсант оферта келишиминде анын электрондук форматтагы жеке маалыматтарын чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун берет. Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген) берилет: – жогорку билиминин бар экендигин ырастаган документтер; – эмгек китепчеси; – окумуштуулук даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтер (болсо); – туулгандыгы тууралуу күбөлүк; – мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билүү сертификаты; – мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө коррупцияга каршы чектөөлөрдү кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенме форма боюнча. Документтер электрондук форматта 2025-жылдын 14-октябрынан 16-октябрына чейин иш күндөрү саат 9:00 дөн 18:00гө чейин кабыл алынат. Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу: тел.:(0312) 62 04 12, 66 01 49 Агенттиктин аймактар аралык башкармалыктары: Дареги: Нарын ш.Ленин көчөсү 76, (КР Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараты, 2-кабат) Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу тел: (03522) 5-23-00, Жазуулар боюнча багыттоо Нарын шаардык мэриясы улук административдик кызмат ордуна кадрлар резервин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.