Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар: Улук административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»; КРнын Эмгек кодекси 4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»; 5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»; 7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; • Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, «TOKTOM Mamleket Pro» маалыматтык-укуктук системасы). Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөндөгүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: Кесиптик билим денгээли: – педагогикалык багыттагы жогорку; Иш тажрыйбасы жана стажы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3.Кесиптик компетенттүүлүгү: Төмөндөгүлөрдү билүү: КРнын Билим берүү жөнүндө, мугалимдрдин статусу жөнүндө, мектепке чейинки билим берүү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү орто мектептериндеги окуучулардын тамактанусун уюштуруу жөнүндөгү Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы №72 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө” токтому. Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди делого тиркеп тапшыруу керек (делонун сыртына толук аты-жөнү, байланыш номерлери, электрондук почта дареги көрсөтүлсүн): -Жеке арыз; -паспорттун көчүрмөсү; -резюме (сүрөтү, электрондук почтаны көрсөтүү менен); – өмүр баяны – нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо); – соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматы. Сынака катышуу үчүн документтердин топтомун Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Г.М.Нурманбетовага тапшыруу зарыл. Дареги: Ак-Талаа району, Баетов айылы, Манас көчөсү №25 (Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн имараты, 2-кабинет) Документтерди тапшыруу мөөнөтү: ;жарыя чыккан кундон тартып 10 кундун ичинде кабыл алынат. Сурап-билүү телефону: (03537) 92-7-64, 0709 717 993 Эскертүү: белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт. Жазуулар боюнча багыттоо Ат-Башы райондук ветеринардык башкармалыгы ички резервге алууга башкы, улук жана кенже жарандык административдик орундарга сыноо жарыялайт. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти