Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрациясы улук жана кенже административдик кызмат орундарынын кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт. Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар: Улук административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар: 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»; 3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»; 4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»; 6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Кенже административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдарды: 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын; 2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын; 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн • Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; • Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, жана башка Microsoft Office программалары, «TOKTOM Mamleket Pro» маалыматтык-укуктук системасы). Санариптик компетенттуулукко ээ болуу жаатында мамлекеттик кызматчыларга коюлуучу квалификациялык талаптар: Компьютерде жана мобилдүү жабдууларда иштѳѳ: Ыктуулугу: – текст, графика жана таблица түрүндѳгү редакторлор менен иштѳѳ; – файлдарды жана папкаларды түзүү жана иштѳѳ (кайрадан ат коюу, кѳчүрүү, кыймылдатуу, жок кылуу жана калыбына келтирүү); – сырттагы перифериялык жабдууларды кошуу; – дисктеги мейкиндикти тазалоо (архивин түзүү); Компьютердик жана социалдык түйүндѳрүндѳ иштѳѳ: маалыматты издѳѳ, алмашуу жана сактоо (Интернет, эл.почта ж.б.); Ыктуулугу: – электрондук каттарды алуу жана жѳнѳтүү; – издѳѳ системаларын пайдалануу; – ар түрдүү браузерлер менен иштѳѳ. Кызматтык этика ченемдерин эске алуу менен социалдык түйүндѳрдѳ бири-бирине сыпайы мамиле менен аракеттенүү. Маалыматтардын чоң кѳлѳмү менен иш жүргүзүү: жаңы маалыматты түзүү жана иштеп чыгуу. Ыктуулугу: – маалыматтын ѳзгѳрүшүнүн жогорку ылдамдыгы жана ар түрдүү болуу шартында маалыматтык базалар менен иш жүргүзүү; – статистикалык маалыматтарга талдоо жүргүзүү жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алууга колдоо кѳрсѳтүү үчүн маалыматты жаратуу; – файлдардын ѳлчѳмүн кысуу жана маалыматтардын чоң кѳлѳмүн жѳнѳтүү/кабыл алуу. Маалыматтарды жана билдирүүлѳрдү кѳрсѳтүү. Билими жана ыктуулугу: – презентацияларды уюштуруу; – эсептѳѳлѳр менен байланыштуу сан түрүндѳгү маалыматтар менен иштѳѳ; – маалыматтарды таблица, диаграмма жана график түрүндѳ кѳрсѳтүү. Колдонмо программалык продуктылардан жана сервистерден пайдалануу. Ыктуулугу: – КРдин мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларынан пайдалануу; – Веб-конференц-байланышты уюштуруу боюнча тиркемелерден пайдалануу; – видеоматериалдарды сактоо, жеткирүү жана кѳрсѳтүү үчүн веб-тиркемелерди колдонуу. Текстке түзѳтүү киргизүү жана аны редакциялоо. Уюштуруу техникасы менен иштоо боюнча ыктуулугу: – кѳчүрмѳ аппараттары; – принтер; – сканер; – проектор жана интерактивдүү тактай; – факс. Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чѳйрѳсүндѳгү мамлекеттик саясатты жана ченемдик укуктук актыларды билүү. «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик транформациялоо концепциясынын негизги жоболорун жана мыйзамдарын билүү: – электрондук башкаруу жѳнүндѳ; – электрондук колтамга жѳнүндѳ; – жеке мүнөздөгү маалымат жѳнүндѳ. Маалыматтык коопсуздук. Ыктуулугу: – вируска каршы программаларды колдонуу; – шифр коюу аркылуу маалыматтык системаларды жана маалыматтарды коргоо; – логин жана пароль коюу. Компьютерде иштѳѳдѳ маалыматтык коопсуздук гигиенасын сактоо. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөндөгүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: 1. Кесиптик билим денгээли: – экономика жана башкаруу багыттагы жогорку билим; – айыл чарба багытындагы жогорку билим; – архитехтура, жол жана курулуш багытындагы жогорку билим; – табият таануу илимдери багытындагы жогорку билим; – энергетика жана электроэнергетика багытындагы жогорку билим; – башкаруу багыттагы жогорку билим ; – саламаттыкты сактоо багыттагы жогорку билим; – гуманитардык багыттагы жогорку билим – педагогикалык багыттагы жогорку; – гуманитардык багыттагы жогорку билим ; – социалдык багыттагы жогорку билим; – маданият жана искусство багытындагы жогорку билим. 2. Иш тажрыйбасы жана стажы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3. Кесиптик компетенттүүлүгү: Төмөндөгүлөрдү билүү (Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары, ошондой эле, тиешелүү тармактагы мыйзамдар): – КР сынын Эмгек кодекси; – КР сынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамы; – КР сынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамы; – КР сынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамы; – КР сынын “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Мыйзамы Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: 1. Кесиптик билим денгээли: – экономика жана башкаруу багыттагы жогорку билим; – айыл чарба багытындагы жогорку билим; – энергетика жана электроэнергетика багытындагы жогорку билим; – башкаруу багыттагы жогорку билим ; – саламаттыкты сактоо багыттагы жогорку билим; – гуманитардык багыттагы жогорку билим – педагогикалык багыттагы жогорку; – гуманитардык багыттагы жогорку билим ; – социалдык багыттагы жогорку билим; – маданият жана искусство багытындагы жогорку билим. 2. Иш тажрыйбасы жана стажы: – иш стажына талаптар коюлбайт. 3.Кесиптик компетентүүлүгү: Төмөндөгүлөрдү билүү (Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары, ошондой эле, тиешелүү тармактагы мыйзамдар): – КР сынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” Мыйзамы; – КР сынын “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” Мыйзамы; – КР сынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы. Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди делого тиркеп тапшыруу керек (делонун сыртына толук аты-жөнү, байланыш номерлери, электрондук почта дареги көрсөтүлсүн): -Жеке арыз; -паспорттун көчүрмөсү; -резюме (сүрөтү, электрондук почтаны көрсөтүү менен); – өмүр баяны; – нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо); – соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматы. Сынака катышуу үчүн документтердин топтомун Араван райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери боюнча башкы адис У.Пиратовго тапшыруу зарыл. Дареги: Араван району, Араван айылы, Ленин көчөсү №1 (Араван райондук мамлекеттик администрациянын 3-кабаты, 18-кабинет) Документтерди тапшыруу мөөнөтү: Сурап-билүү телефону: (03231) 5-08-09, 5-08-07, 5-08-04. Эскертүү: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн улук жана кенже административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына конкурс жарыялайт: Өзгөн районунун Салам-Алик айыл өкмөтү