Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
Мамлекеттик административдик бош кызмат ордуна
КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ
Тил саясаты жана уюштуруу иштери бөлүмүнө:
— Башкы адис (юрист) – 1 бирдик
Административдик мамлекеттик жана муниципалдык улук кызмат орундары үчүн тесттик тапшырмаларды (негизги тест) түзүүдө колдонулган ченемдик укуктук актылардын жана документтердин тизмеси:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
- “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамын;
- “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
- “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
- 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын этика кодексин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын;
Башкы адиске коюлуучу талаптар:
- Кесиптик билим деңгээли:
— гуманитардык илим багытындагы юридикалык жогорку билим.
- Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес жана тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
- Төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин төмөндөгү жарлыктарын:
КР Президентинин 2013-жылдын 1-июлундагы № 155 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө”;
- КР Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы № 365 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жөнүндө Жобо жөнүндө”;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөндөгү токтомдорун:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 510 “Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 958 “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн уюштуруучулук, материалдык-техникалык шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы №114 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды мамлекеттик тилге окутуу жана иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттар жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 26-майындагы № 591- VI “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышы тууралуу”.
Билгичтиги:
— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
— бөлүмдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды сунуштоо;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
- кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында ачып көрсөтүү жана чечүү;
- алдыга койгон милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
- өз ишин натыйжалуу пландоо;
- ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү, аймактык өкүлчүлүктөр менен өз ара аракеттенүү;
- чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди, ошондой эле чет тилин (зарылчылыкка жараша) билүүсү.
Көндүмдөрү:
- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
- ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
- башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу
- даярдоо; жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
— Арыз;
— Кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы (сүрөтү менен);
— Өмүр баяны (соттолбогондугу жөнүндө маалымат);
— Дипломдун жана эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрү (нотариус же кадрлар
тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
— Сунуштама кат (мүмкүнчүлүк болсо артыкчылык берилет);
— Паспорттун көчүрмөсү.
Документтер 2021-жылдын 5 октябрынан – 18 октябрына чейин, саат 17.00 чейин кабыл алынат.
Квалификациялык талаптарга жооп бергендер гана конкурска катышууга чакырылат.
Дареги: Бөкөнбаев көчөсү 182
Байланыш телефондор: 31-58-15, 31-58-40;
Конкурс “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат” гезитине, толук маалымат менен www.mamtil.kg , www.mkk.gov.kg сайттарында жарыяланат.