Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ачык сынак жарыялайт

1.КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча департаментинин директорунун орун басары “Б-А” – Ош шаары

Квалификациялык  жана жеке сапат талаптары:

Билими— жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: инженердик-техникалык, архитектура жана курулуш, инженер-гидротехник.

Стажы — мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы  (жетекчилик кызмат ордунда иштегендерге артыкчылык берилет).

Компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү:

-компьютерде жана мобилдүү жабдууларда иштөө;

-компьютердик жана социалдык түйүндөрүндө иштөө: маалыматты издөө, алмашуу жана сактоо (Интернет, эл. почта ж.б.);

-маалыматтардын чоң көлөмү менен иш жүргүзүү: жаңы маалыматты түзүү жана иштеп чыгуу;

-маалыматтарды жана билдирүүлөрдү көрсөтүү;

-колдонмо программалык продуктулардан жана сервистерден пайдалануу;

-уюштуру техникасы менен иштөө;

-маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жана ченемдик укуктук актыларды билүү;

-маалыматтык коопсуздук.

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

жалпы мыйзам актылары:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамдары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы; Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңешинин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодекси;

жана тиешелүү тармактар боюнча:

— Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин,

— Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзамдарын;

— 2010-жылдын 5-мартындагы №130 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн жоболорун бекитүү жөнүндө”, 2021-жылдын 10-мартындагы №87 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери жөнүндө», 2018-жылдын 22-ноябрындагы №550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө”  токтомдорун;

Билгичтиги:

— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

— түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;

— башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

— кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

— алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

— чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

Көндүмдөрү:

— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

— түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

— ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу.

Функционалдык  милдеттери:

— жалпы курулуш иштерин жүргүзүү, уюштуруу, эксплуатацияга берүү боюнча иш алып баруу;

— жаңы башталган курулуш объектилери боюнча келишим түзүүдө план-графикти бекитүү жана жумуштардын өз убагында башталуусун уюштуруу жана графиктин сакталышын көзөмөлдөө;

— курулуш жана долбоор иштеринин түзүлгөн келишимдин негизинде бүткөрүлүшүн көзөмөлдөө;

— курулуш иштери бүткөн объектилерди эксплуатацияга тапшырууда жумушчу жана мамлекеттик комиссияларды уюштуруу;

— долбоор иштери боюнча подрядчиктерге техникалык тапшырмаларды бекитип берүү;

— курулуш иштеринде пайда болгон көйгөйлөрдү ыкчам чечүү;

— авариялык калыбына келтирүү жумуштары, долбоорлоо иштери боюнча божомол пландарын иштеп чыгуу;

— мамлекеттик сатып алуулар боюнча сатып алуу мөөнөтүн аныктоо, уюштуруу иштерин жүргүзүү;

— айлык, кварталдык жана жылдык отчётторду өз убагында даярдоону тийешелүү бөлүмдөрдөн талап кылып, көзөмөл жүргүзүү;

— ар бир айда аткарылган иштердин көлөмдөрүн (форма 3) тактоо жана бекитүү;

— сметадан сырткаркы кошумча иштердин көлөмүн тактоо, бөлүм башчыларынан отчёт алуу жана кийинки айга тапшырма берүү.

1.1.Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратынын Укуктук камсыздоо башкармалыгынын укуктук ченемдик ишмердүүлүгү бөлүмүнүн башчысы “Б-Б” – Бишкек шаары

Квалификациялык жана жеке сапат талаптары:

Билими –  жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: юриспруденция;

Стажы – жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 (беш) жылдан кем эмес иш стажы.

Төмөнкүлөрдү билүү:

жалпы мыйзам актылары:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамдары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы; Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңешинин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодекси;

жана тиешелүү тармактар боюнча:

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын: “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө”;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн: 2011-жылдын 25-апрелиндеги №185 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2011-жылдын 25-апрелиндеги №186 “Кыргыз Республикасынын  Куралдуу  Күчтөрүндө,  башка  аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокердик, сержанттык жана старшиналык курамдарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2013-жылдын 10-июнундагы №341 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө”, 2017-жылдын 31-майындагы №313 “Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө”, 2021-жылдын 10-мартындагы №87 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомдорун.

 Билгичтиги:

-бөлүмдүн ишин уюштуруу, мерчемдөө жана бөлүмдүн кызматкерлеринин ортосунда  милдеттерди бөлүштүрүүдөгү тажрыйбанын болушу;

-сот органдарында отурумдарга катышуу боюнча тажрыйбанын жана жөндөмдүүлүктүн болушу;

-аналитикалык иш-кагаздарды түзүүнү, презентацияларды жасоо жөндөмдүүлүгү;

-чоң көлөмдөгү иш-кагаздары менен иштөө жөндөмдүүлүгү, демилгелүүлүгү.

Көндүмдөрү:

-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү.

Функционалдык милдеттери:

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

— өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана кеңеш берүү;

— баш ийген мамлекеттик жарандык кызматчыларда жана муниципалдык кызматчыларда жана аскер кызматчылардын жеке кызыкчылыгынын пайда болушунун алдын алуу же ведомстволук түзүмдүк бөлүмчөдө мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматта таламдардын кагылышуусун жөнгө салуу боюнча чараларды көрүү;

— бөлүмдүн ишин жетектейт жана функцияларынын өз убагында жана сапаттуу аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларды четтетүү, зыяндын ордун толтуруу, аткарууну камсыздабаган же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган кызматкерлерди жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды жетекчиликке берет;

— Министрлик катышкан талаш-тартыштар боюнча доо иштеринин жана соттук практиканын абалын талдайт жана аларды четтетүү, күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуштарды киргизет.

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

-жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;

— паспорттун көчүрмөсүн;

— керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

Документтерди 2021-жылдын 8-сентябрына чейин төмөнкү даректер боюнча Бишкек шаары, Манас проспектиси 101/1, каб.610 Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө тапшыруу керек.

Кошумча маалыматты КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (www.mes.gov.kg) жана КР Мамлекеттик кадр кызматынын (www.mkk.gov.kg) сайттарынан  алса болот.

Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.