Кыргыз Республикасынын Президентинин  2022-жылдын 2-февралындагы №24 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын  жана жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү  жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик органынын  жана жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүң жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө Жобосунун”  негизинде   кадрлар резервине киргизүүгө   ачык сынак жарыялайт:

Талапкерлерге коюлган квалификациялык талаптар:

1.Башкы кызмат орду (Б-А):

Кесиптик билимдин деңгээли:

-жогорку билим баардык профилдеги багыттар боюнча.

Стажы жана тажрыйбасы:

жалпысынан үч жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү беш жылдан кем эмес иш стажы;

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек: Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына  жазылган жеке арыз, резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), нотариустан күбөлөндүргөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган      документеринин көчүрмөлөрү, нотариустан күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү,  кадрлар боюнча өздүк баракча сүрөтү менен, илимий даражаны жана наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү,  паспорттун көчүрмөсү,

Белгиленген талаптарга  туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган  жаранды сынакка катыштырууга жол берилбейт.    Сынакка катышуу үчүн  керектүү документтерди  жарыя чыккан күндөн тартып  10  (календардык)  күн ичинде  төмөнкү дарек  боюнча тапшыруу керек:   Каракол шаары   Ю.Абдрахманов көчөсү 105, 3-чү этаж,  62 кабинет, байланыш телефондор: (03922) 5-00-06,   5-14-36.