Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын мамлекеттик административдик кызмат орундарынын башкы жана улук топторунун  

ички кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялоо

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө Жобосуна” ылайык, административдик кызмат орундарынын башкы жана улук кызмат орундарына киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

 

Башкы топтогу кызмат орундарына коюлуучу жалпы талаптардын жана мыйзамдардын тизмеси:

 

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

Жогорку билим – юридикалык, аскердик, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу чөйрөсүндөгү.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө (укук коргоо жана күч түзүмдөрүндө) 5 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенциялары:

Билими:

Жалпы ченемдик укуктук актылары:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы.
  2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы.
  3. Кыргыз Республикасынын “Эмгек кодекси”.
  4. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы.
  5. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы.
  6. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы.
  7. Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы.
  8. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамы.
  9. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы.
  10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылды 3-мартындагы №120 токтому “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө”.

Тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актылары:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси.
  2. Кыргыз Республикасынын Жазык Кодекси.
  3. Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамы.
  4. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” Мыйзамы.
  5. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы.
  6. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси”.
  7. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 302 Жарлыгы “Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө ЖОБО”.

 

Улук топтогу кызмат орундарына коюлуучу

жалпы талаптардын жана мыйзамдардын тизмеси:

 

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

Жогорку билим — юридикалык, аскердик, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу чөйрөсүндөгү.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы бир жылдан кем эмес, же адистиги (укук коргоо жана күч түзүмдөрүндө) боюнча стажы 3 жылдан кем эмес.

  1. Кесиптик компетенциялары:

Билими:

Жалпы ченемдик укуктук актылары:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы.
  2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы.
  3. Кыргыз Республикасынын “Эмгек кодекси”.
  4. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы.
  5. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы.
  6. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы.
  7. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы.
  8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылды 3-мартындагы №120 токтому “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө”.

 

Тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актылары:

 

  1. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети” жөнүндө Конституциялык мыйзамы;
  2. Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодекси;
  3. Кыргыз Республикасынын Жазык Кодекси;

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” Мыйзамы.

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси”.
  2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 302 Жарлыгы “Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө ЖОБО”.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын

ички кадрлар резерви боюнча анализи

 

Топтордун аталышы Аппараттагы орундардын саны Ички резервге алынгандардын саны Ички резервди толтуруу зарыл Эскертүү
1 Башкы 7 6 1  
2 Улук 16 14 2  
3 Кенже 11 11  
  Жалпы 34 31 3  

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

 

— конкурстук комиссиясынын төрагасынын наамына талапкердин жеке арызы (кызматтын тобун көрсөтүү менен);

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);

— өздүк таржымал (өмүр баян) өз колу менен жазылган, соттуулугу бар жана  жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтеринин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— паспортунун көчүрмөсү.

 

Конкурска катышуу үчүн жогорудагы документтерди жарыя берилген сайттын же гезиттин чыгарылган күнүнөн баштап 10 календарлык күн ичинде төмөнкү дарекке тапшыруу зарыл: Ош шаары, Ленин көчөсү-221, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, 2-кабат 21-кабинет. Байланыш номери: (03222) 7-03-33, 0553 54 74 44.

 

Сынак өтүү күнү жана өтүү орду кошумча маалымдалат.