Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жарандык мамлекеттик административдик кызмат орундарынын  кенже тобунун ички кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялоо

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын                                            2-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген «Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө Жобосуна” ылайык, административдик кызмат орундарынын  кенже кызмат орундарына киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

 

Кадрлар резервине кирүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

 

  1. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн: журналистика багытындагы жогорку билими бар, кесиптик багыты боюнча 2 жылдан ашык иш стажы бар, (1 бирдик).

 

Жалпы ченемдик укуктук актылары:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”;
  3. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”

Тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актылары:

  1. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети” жөнүндө конституциялык Мыйзамы.
  2. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы.
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылды 3-мартындагы №120 токтому “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө”.
  4. «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
  5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси”.

 

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

 

— конкурстук комиссиясынын төрагасынын наамына талапкердин жеке арызы (кызматтын тобун көрсөтүү менен);

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);

— өздүк таржымал (өмүр баян) өз колу менен жазылган, соттуулугу бар жана жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтеринин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— паспортунун көчүрмөсү.

 

Конкурска катышуу үчүн жогорудагы документтерди жарыя берилген сайттын же гезиттин чыгарылган күнүнөн баштап 10 календарлык күн ичинде төмөнкү дарекке тапшыруу зарыл: Ош шаары, Ленин көчөсү-221, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, 2-кабат 21-кабинет. Байланыш номери: (03222)7-03-33, 0553 54 74 44.

 

Сынак өтүү күнү жана өтүү орду кошумча маалымдалат.