Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы №24 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүң жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө Жобосунун” негизинде кадрлар резервине киргизүүгө ачык сынак жарыялайт: Талапкерлерге коюлган квалификациялык талаптар: Башкы кызмат орду: Кесиптик билимдин деңгээли: -жогорку билим баардык профилдеги багыттар боюнча. Стажы жана тажрыйбасы: жалпысынан үч жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү беш жылдан кем эмес иш стажы; Сынакка катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек: – Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арыз, – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), – өздүк таржымал – нотариустан күбөлөндүргөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документеринин көчүрмөлөрү, – нотариустан күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, – кадрлар боюнча өздүк баракча сүрөтү менен, – илимий даражаны жана наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү, – паспорттун көчүрмөсү, Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жаранды сынакка катыштырууга жол берилбейт. Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди жарыя 2024-жылдын 27 августунан 06-сентябрынын саат 15-00 го чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Каракол шаары Ю.Абдрахманов көчөсү 105, 3-чү этаж, 62 кабинет, байланыш телефондор: (03922) 5-00-06, 5-14-36. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгы, административдик кызмат орундарынын улук жана кенже топтору боюнча ички кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын Каракол шаардык ветеринардык башкармалыгы