Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын административдик мамлекеттик кызмат орундарынын башкы тобундагы кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт
Административдик кызмат орундарына коюлуучу жалпы талаптар:
Кызматчы төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
2) мамлекеттик жарандык кызмат үчүн — 21 жаштан жаш болбоого;
3) ушул кызмат орду үчүн мыйзамдарда жана кызматка кабыл алууну жүзөгө ашырып жаткан Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.
Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарынын тобуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— тиешелүү багыттагы жогорку билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;
кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
— билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;
— көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Ар бир административдик кызмат орду үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээли мамлекеттик тил чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
Административдик мамлекеттик башкы кызмат орундарынын тобу үчүн тесттик тапшырмаларды (негизги тест) түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөгү” конституциялык мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
4) Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
5) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндө» мыйзамы;
7) Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» мыйзамы;
8) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» мыйзамы;
9) Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Экономика жана регионду комплекстүү өнүктүрүү багытында
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
Экономика жана башкаруу, эл аралык мамилелер багыттары боюнча жогорку кесиптик билими.
2)Кесиптик компетенттүүлүгү:
Кыргыз Республикасынын төмөнкү Кодекстерин жана мыйзамдарын билүү:
-“Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси”;
— Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
-“Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө
Кодекси”;
— “Кыргыз Республикасынын Жер кодекси”;
-“Расмий статистика жөнүндө”;
-“Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”;
-“Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө”;
-“Инвестициялык фонддор жөнүндө”;
-“Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө”;
-“Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө”;
— “Жер Казынасы жөнүндө”;
— «Электр Энергетикасы жөнүндө»;
— “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”;
— “Автомобиль транспорту жөнүндө”;
-“Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө”;
-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси”;
Укук тартиби, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
-Юриспруденция, Өрт коопсуздугу, Аскердик билим берүү, экономика жана башкаруу багыттары боюнча жогорку кесиптик билими.
2) Кесиптик компетенттүүлүгү:
Кыргыз Республикасынын төмөнкү Кодекстерин жана мыйзамдарын
билүү:
— Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин
-“Согуштук абал жөнүндө”
-“Жарандык коргонуу жөнүндө”;
-“Өзгөчө абал жөнүндө”;
-“Тынч чогулуштар жөнүндө”;
-“Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”;
-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө”;
-“Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө”;
-“Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө”
-Кыргыз Республикасынын Президентинин “Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгы;
-“Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобо”.
-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси”;
Тандоого катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек:
— өзүнүн арызы;
— резюме (электрондук почтасын, жашаган дарегин, байланыш телефондорун көрсөтүү менен);
— өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү.
Тандоого катышуу үчүн керектүү документтер төмөндөгү даректе саат 8-30дан 17-30га чейин кабыл алынат. Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн расмий веб-сайтына чыккан күндөн тартып 2024-жылдын 20-октябры күнүнөн кечиктирбей “Сынакка” деген белги коюлган көктөмөгө салынып тапшырылуусу зарыл.
Документтерди кабыл алуу дареги: Талас шаары Бердике баатыр көчөсү №287, 3-кабат №316 бөлмөсү. Байланыш телефондору: (03422) 5 3975, 0708 809698.