Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жарандык мамлекеттик административдик кызмат орундарынын  башкы  жана улук  тобунун ички кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты Кыргыз Республикасынын Президентининин 2022-жылды 2-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген «Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө Жобосуна” ылайык   Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын административдик кызмат орундарынын башкы жана улук кызмат орундарынын ички резервине  киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

 

Кадрлар резервинин башкы тобуна кирүү үчүн (бир бирдик) талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

Жогорку билим: мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, менеджмент, юриспруденция, финансы, экономика, айыл чарба жана гуманитардык илимдер чөйрөсүндөгү.

Иш стажы  мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес,  же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

 

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети” жөнүндө конституциялык Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актылар:

— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети” жөнүндө конституциялык Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы №171 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын  этика  кодекси”.

 

Кадрлар резервинин улук тобуна кирүү үчүн (бир бирдик) талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

Жогорку билим: мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу,    гуманитардык ( педагогикалык) илимдер чөйрөсүндөгү.

Иш   стажы   мамлекеттик  жана/же  муниципалдык   кызмат  жыйынды стажы

1 жылдан кем эмес, же адистиги боюнча стажы 3 жылдан кем эмес.

 

Жалпы ченемдик укуктук актылары:

—     Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

  • Кыргыз республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актылар:

— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети” жөнүндө конституциялык мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө”

Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын “Калкты социалдык жактан коргоонун

негиздери жөнүндө” Мыйзамы.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

 

  • конкурстук комиссиясынын төрагасынын наамына талапкердин жеке арызы (кызматтын тобун көрсөтүү менен);
  • резюме (электрондук почтаны жана соттуулугу бар, же жок экендигин көрсөтүү менен);
  • өздүк таржымал (өмүр баян) өз колу менен жазылган, соттуулугу бар жана жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтеринин көчүрмөлөрү;

—    нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек

китепчесинин көчүрмөсү;

—   илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө

документтердин көчүрмөлөрү;

—    паспортунун көчүрмөсү.

 

Конкурска катышуу үчүн жогорудагы документтерди жарыя берилген сайттын, же гезиттин чыгарылган күнүнөн баштап 10 календарлык күн ичинде төмөнкү дарекке тапшыруу зарыл: Ош шаары, Ленин көчөсү-221, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, 2-кабат 21-кабинет. Байланыш номери:(03222) 7-03-33, 0557 10-12-10.

 

Сынак өтүү күнү жана өтүү орду кошумча маалымдалат.