ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө Жобосунун” негизинде кадрлар резервине киргизүүгө ачык сынак жарыялайт:
Талапкерлерге коюлган квалификациялык талаптар:
Кенже кызмат орду (К-А):
Кесиптик билимдин деңгээли:
-жогорку билим юридикалык багыт боюнча.
Стажы жана тажрыйбасы:
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иш стажысы талап кылынбайт;
Төмөндөгү талаптарга артыкчылык берилет:
— юридикалык тармагындагы эмгек тажрыйбасы.
Сынакка катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек:
— Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арыз,
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен),
— өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен),
— нотариустан күбөлөндүргөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документеринин көчүрмөлөрү,
— нотариустан күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү,
— кадрлар боюнча өздүк баракча сүрөтү менен,
— илимий даражаны жана наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү,
— паспорттун көчүрмөсү,
Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жаранды сынакка катыштырууга жол берилбейт. Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди 2024-жылдын 28-ноябрынын саат 15-00 чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Каракол шаары Ю.Абдрахманов көчөсү 105, 3-чү этаж, 62 кабинет, байланыш телефондор: (03922) 5-00-06, 5-14-36.