Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты кадрлар резервине кирүү үчүн ачык конкурс жарыялайт Административдик кызмат орундарынын улук тобуна кадрлардын резервине кабыл алуу үчүн ачык конкурс жарыялайт. ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ КОЮЛГАН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР: I. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына (У-Б) төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:1. Кесиптик билимдин деңгээли: 1.1. Айыл-чарба багыты боюнча: Айыл чарбасы боюнча жогорку кесиптик билим, экономика, финансы же жогорку техникалык билим. 1.2. Экономика багыты боюнча : Жогорку экономикалык же финансалык билим. 1.3. Социалдык багыты боюнча : Жогорку педагогикалык же гуманитардык билим. 2. Иш стажы жана тажрыйбасы:– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;3. Кесиптик компетенттүүлүгү:Төмөнкүлөрдү билүү:- Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;- Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;- Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Мыйзамы;- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; Ошондой эле предметтик мыйзамдар:Аыйл-чарба багыты боюнча:– Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”;- Кыргыз Республикасынын “Суу кодекси”;- Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы;- Кыргыз Республикасынын “Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” Мыйзамы.Экономика багыты боюнча: Кыргыз Республикасынын “Салык кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Банктар жана банк иштери жөнүндө” Мыйзамы. Социалдык багыты боюнча : – Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы;- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы;- Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамы;- Кыргыз Республикасынын “Тышкы миграция жөнүндө” Мыйзамы; Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү. КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН ТӨМӨНДӨГҮ ДОКУМЕНТТЕР ТАПШЫРЫЛАТ: Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына мамлекеттик кызматтын тобун көрсөтүү менен жазылган жеке арыз; Резюме (электрондук почтаны жана телефон номерин көрсөтүү менен); Өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөсү; нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү; илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо); Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт). Документтер жарыя чыккан күндөн баштап 10 календардык күндүн ичинде кабыл алынат. Дареги: Жалал-Абад шаары, Эркиндик көчөсү, 11 3-кабат, 302-кабинет, тел. (03722) 2-16-40, 2-36-70 Жазуулар боюнча багыттоо Жалал-Абад шаардык ветеринардык башкармалыгы С.Атабеков айыл өкмөтү улук жана кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт.