Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия (мындан ары – КРП УАК) административдик кызмат орундарынын улук жана кенже тобун ээлөөгө кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт.
Административдик кызмат орундарынын бардык топтору үчүн:
-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
-компьютердик сабаттуулук жана керектүү программаларга ээ болуу.
Мамлекеттик жарандык кызматтын улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси.
Жалпы мыйзамдарды билүүдө:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3)«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4)«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5)«Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6)2020-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Төмөнкү предметтик мыйзамдарды:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 377 Жарлыгы менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия жөнүндө» Жобону;
2.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-январындагы № 12 Жарлыгы менен бекитилген «Окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө»,
3.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-январындагы № 12 Жарлыгы менен бекитилген «Окумуштуулук наамдарды ыйгаруу тартиби жөнүндө»,
4.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-январындагы № 12 Жарлыгы менен бекитилген «Диссертациялык кеңеш жөнүндө»,
5.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-январындагы № 12 Жарлыгы менен бекитилген «Эксперттик кеңеш жөнүндө» Жоболорду.
Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси.
Жалпы мыйзамдарды билүүдө:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3)2020-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Төмөнкү предметтик мыйзамдарды:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 377 Жарлыгы менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия жөнүндө» Жобону;
2.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-январындагы № 12 Жарлыгы менен бекитилген «Окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө»»,
3.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-январындагы № 12 Жарлыгы менен бекитилген «Окумуштуулук наамдарды ыйгаруу тартиби жөнүндө»,
4.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-январындагы № 12 Жарлыгы менен бекитилген «Диссертациялык кеңеш жөнүндө»,
5.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-январындагы № 12 Жарлыгы менен бекитилген «Эксперттик кеңеш жөнүндө» Жоболорду.
1.Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн квалификациялык талаптар:
Кесиптик билим деңгээли: багыттар боюнча жогорку кесиптик билим:
-мамлекеттик башкаруу, экономика, коомдук-гуманитардык, медицина, физика-математикалык, юриспруденция, агрардык, табигый жана техникалык илимдер багыттары боюнча жогорку кесиптик билим;
-жогоруда аталган багыттар боюнча окумуштуулук даражанын болушу (артыкчылык болуп саналат).
Иш стажы жана тажрыйбасы:
-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы бир жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
-илимий-педагогикалык иш стажынын болушу (артыкчылык болуп саналат).
Жѳндѳмдүүлүк:
-маалымат чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-аналитикалык документтерди даярдоо;
-тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;
-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
-ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
-жаңы эмгек шарттарына көнүү;
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
-ишти пландаштыруу жана иш убактысын туура бөлүштүрүү;
-башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу.
2. Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар:
Кесиптик билим деңгээли: багыттар боюнча жогорку кесиптик билим:
-мамлекеттик башкаруу, экономика, коомдук-гуманитардык, медицина, физика-математикалык, юриспруденция, агрардык, табигый жана техникалык илимдер багыттары боюнча жогорку кесиптик билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы: иш стажына талаптар коюлбайт.
Жѳндѳмдүүлүк:
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
-кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана даярдоо;
-командада иштөө;
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүдөй иретте скоросшивателге (Дело №) көктөлгөн төмөнкү документтер берилет:
-жеке арызы;
-өмүр баяны;
-сүрөтү бар резюме (электрондук почтаны жана соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен);
-нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин (бар болсо) көчүрмөлөрү;
-нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
-окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
-соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.
Документтер 2025-жылдын 26-мартынан 4-апрелына чейин “Конкурска” деген белги менен көктөмөдө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссияга жөнөтүлөт, дареги: Бишкек ш., Чуй пр. 265а.
Бардык суроолор боюнча (0312) 962050 телефонуна кайрылсаңыздар болот (иш күндөрү саат 9.00дөн 18.00гө чейин).
Кошумча маалымат төмөнкү сайттарда жайгаштырылган vak.kg