Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты кадрлар резервине  кирүү үчүн  ачык конкурс жарыялайт

 

Административдик кызмат орундарынын кенже (КА) тобуна кадрлардын резервине кабыл алуу үчүн ачык конкурс жарыялайт.

ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ  КОЮЛГАН  КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК  ТАЛАПТАР:

 

  1. Кенжетоптогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына (КА) төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

1.1.  Социалдык багыты боюнча : Жогорку педагогикалык же гуманитардык билим.

 

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

—    Иш стажына талаптар коюлбайт.

 

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;
  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Тийиштуу тармактагы мыйзамдар:

  • Кыргыз Республикасынын «Маданият жөнүндө»Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Социалдык фонду жөнүндө»Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Улуттук архивдикфонду жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Ички миграция жөнүндө».
  • Кыргыз Республикасынын «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө»Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын»Туризм жөнүндө » Мыйзамы.

Билгичтиги:

  • жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
  • документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
  • кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
  • жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
  • мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
  • командада иштөө:
  • көндүмдөрү:
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдонобилүү.

Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.

 

КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН ТӨМӨНДӨГҮ ДОКУМЕНТТЕР ТАПШЫРЫЛАТ:

  • Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына мамлекеттик кызматтын тобун көрсөтүү менен жазылган жеке арыз;
  • Резюме (электрондук почтанын дареги, жана телефон номерин көрсөтүү менен);
  • 4х6 өлчөмүндөгү түстү сүрөт 4 даана;
  • Өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • Нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн  негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөсү;
  • Нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт).

 

Документтер жарыя чыккан күндөн баштап 10 календардык күндүн ичинде кабыл алынат.  

Дареги: Жалал-Абад шаары, Эркиндик көчөсү, 11

3-кабат, 302-кабинет, тел. (03722) 2-16-40, 2-36-70