Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобундагы кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

 

Административдик кызмат орундарына коюлуучу жалпы талаптар:

Кызматчы төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:

  • Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
  • мамлекеттик жарандык кызмат үчүн – 21 жаштан жаш болбоого;
  • ушул кызмат орду үчүн мыйзамдарда жана кызматка кабыл алууну жүзөгө ашырып жаткан Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

 

Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарынын тобуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

 

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

    • “Юриспруденция” адистиги боюнча жогорку кесиптик билими.

2)  иш стажы жана тажрыйбасы:

  • мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;

3)  кесиптик компетенттүүлүгү:

  • төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;

кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

  • билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;

  • көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Административдик мамлекеттик улук кызмат орундарынын тобу үчүн тесттик тапшырмаларды (негизги тест) түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси

 

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндө» мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Электрондук башкаруу жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын        Өкмөтүнүн        2020-жылдын        3-мартындагы

№120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Административдик мамлекеттик улук кызмат орундарынын тобу үчүн тесттик тапшырмаларды (предметтик тест) түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси

 

Кыргыз Республикасынын төмөнкү Кодекстерин жана мыйзамдарын билүү:

-Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

– “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” ;

-Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 308 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө жобо”;

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо”;

-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 сандуу жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” жобо;

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө жобо”;

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобо”;

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо”.

-“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында сыноо мөөнөтүн өтүүнүн тартиби жөнүндө жобо”;

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси”;

 

Тандоого катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек:

 

  • өзүнүн арызы;
  • резюме (электрондук почтасын, жашаган дарегин, байланыш телефондорун көрсөтүү менен);
  • өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • Акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • Акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
  • илимий даражаны    жана    илимий   наамды    (бар    болсо)              ыйгаруу   жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

 

Тандоого катышуу үчүн керектүү документтер “e-Kyzmat” мамлекеттик вакансиялар порталы аркылуу https://kyzmat.gov.kg/ онлайн түрүндө өтүнмө жиберилет. Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн расмий веб-сайтына чыккан күндөн тартып 2025-жылдын 13-декабрь күнүнөн кечиктирбей онлайн түрүндө өтүнмө берүү зарыл. Онлайн түрүндө өтүнмө берүү жол-жобосу боюнча видеонускама менен танышуу сунушталат. Видеонускама төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү:

https://youtu.be/QURPIVr6z_E?si=evFh70sflA4BojKr Байланыш телефондору: (03422) 5 3975, 0708 809698.