Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарбада кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаменти административдик кызмат орундарынын башкы жана улук топторуна кадрлардын резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт.
Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болушу керек;
2)жаш курагы 21 жаштан төмөн болбошу зарыл;
3)кадрлардын резервине киргизүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берүү.
Департаменттин Борбор аппаратынын жана регионалдык бөлүмдөрүнүн административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:
1.Кесиптик билим деңгээли:
-жогорку билим: багыттар боюнча “Айыл чарба жана айыл чарба илимдери”, агроинженерия багыты артыкчылыктуу; багыттар боюнча “транспорттук техника жана технология”; экономика, укук, саясат таануу, эл аралык мамилелер тармагындагы “гуманитардык илимдер”.
2.Стажы жана иш тажрыйбасы:
-Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан үч жылдан кем эмес иш стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө беш жылдан кем эмес иш стажы.
3.Кесиптик компетенциялары:
Төмөнкү жалпы мыйзамдарды билүү:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
3)Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
4)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5)“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары” жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6)“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7)“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8)“Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9)“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10)“Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы;
Төмөнкү предметтик мыйзамдарды билүү:
– Салык кодекси жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Жол кыймылы жөнүндө”, “Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө”, “Кооперативдер жөнүндө”, “Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары.
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарбада кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаменти жөнүндө жобо;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө жобо;
Билгичтиги:
– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
– тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
– оор кырдаалда чечим кабыл алуу жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик тартуу;
Көндүмдөр:
– мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн билүү;
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
– башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;
– белгилүү бир чөйрөдөгү иш-аракеттерди талдоо жана болжолдоо, пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу;
– ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
– натыйжалуу мамилелерди түзүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү.
Департаменттин Борбор аппаратынын жана регионалдык бөлүмдөрүнүн административдик мамлекеттик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн:
1.Кесиптик билим деңгээли:
-жогорку билим: багыттар боюнча “Айыл чарба жана айыл чарба илимдери”, агроинженерия багыты артыкчылыктуу, багыттар боюнча “транспорттук техника жана технология”.
2.Стажы жана иш тажрыйбасы:
-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан бир жылдан кем эмес иш стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө үч жылдан кем эмес иш стажы.
3.Кесиптик компетенциялар:
Төмөнкү жалпы мыйзамдарды билүү:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3)“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары” жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4)“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5)“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6)“Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
7)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы;
Төмөнкү предметтик мыйзамдарды билүү:
– Салык кодекси жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Жол кыймылы жөнүндө”, “Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө”, “Кооперативдер жөнүндө”, “Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары.
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарбада кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаменти жөнүндө жобо;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө жобо;
Билгичтиги:
– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
– тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
– оор кырдаалда чечим кабыл алуу жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик тартуу;
Көндүмдөр:
– мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн билүү;
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
– башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;
– белгилүү бир чөйрөдөгү иш-аракеттерди талдоо жана болжолдоо, пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу;
– ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
– натыйжалуу мамилелерди түзүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү.
Конкурска катышууну каалаган адамдар “e-Kyzmat ” https://kyzmat.gov.kg мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу электрондук форматта өтүнмө берет, өтүнмөгө электрондук форматындагы (сканерленген документтер) документтер тиркелет же көктөмөгө тигилген кагаз түрүндөгү документтер тиркелет:
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
-жеке арызы;
-кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча сүрөтү менен;
-резюме (электрондук почтасын көрсөтүү менен), өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экенин көрсөтүү менен);
-акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин (бар болсо) көчүрмөлөрү;
-акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
-окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү бар болсо);
-паспорттун көчүрмөсү;
-Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.
Конкурска катышуу үчүн документтер 17:00гө чейин, жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күнгө чейин (2025-жылдын 17-ноябрынан 26-ноябрына чейин) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине төмөнкү дарек боюнча берилиши керек: Бишкек ш., Киев көч., 96 “А”, 7-кабат, 726-кабинет,
телефон: 62-37-21.