Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти мамлекеттик кызматтын башкы жана улук административдик кызмат орундарына кадрлардын резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топторуна жалпы квалификациялык талаптар Башкы административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн: Билим: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы ; 3) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; 4) “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) “Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 8) “Кыргыз Республикасынын “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Мыйзамы; 9) “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдер. Улук административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн: Билим: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5) “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдер. Административдик кызмат орундарынын башкы топторуна: аквакультура, балык уулоо, жасалма асылдандыруу, балык ресурстарын өндүрүү жана балык чарба көлмөлөрдү паспорттоштуруу багыттары боюнча квалификациялык талаптар 1. Кесиптик билимдин деңгээли: – балык уулоо, ихтиология, биология, экология, юридикалык боюнча жогорку билим. 2. Иш стажы жана иш тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 3 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы. 3. Кесиптик компетенциялар: Билим: – Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 17-мартындагы № 35 “Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарын коргоо жөнүндө” Мыйзамы; – 2009-жылдын 26-майындагы № 166 “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-октябрындагы № 715 «Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүн атайын пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдүн тарифтерин жана жыйымдарын алуунун жана пайдалануунун тартибин бекитүү жөнүндө» токтому ; – “Кыргыз Республикасынын Министрлик Кабинети тарабынан берилген балык чарба чөйрөсүндөгү ченем жаратуучу ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жөнүндө” КР САЧКӨМдүн 2025-жылдын 19-декабрындагы № 05-17/343 буйругу; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти жөнүндө жобосу. – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдер. Билгичтиги: – балык чарбасы чөйрөсүндөгү иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; – балык уулоону уюштуруу жана жүргүзүү, балык ресурстарына мониторинг жана көбөйтүү; – талдоо, прогноздоо, жалпылоо, мониторинг, контролдоо жана көйгөйлөрдү чечүүгө болгон мамилени интеграциялоо; – башкаруучулук чечимдерди тез кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу; – кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; – милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө; – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен натыйжалуу ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү, балык чарбасы менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу; – чыр-чатактарды жөнгө салуу; – өз ишин жана бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу; – коллективде жагымдуу социалдык-психологиялык климатты түзүү жана инсандар аралык байланыштын заманбап ыкмаларын колдонуу. Жөндөмдүүлүгү: – аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; – түзүмдүк бөлүмдү башкаруу; – мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өздөрүнө баш ийүүчүлөргө сапаттуу жеткирүү, башкаруу чечимдерин оперативдүү даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана ыкмаларын издөө; – маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; – натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү, жолугушууларды жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү; – белгиленген формаларга ылайык пландарды, иш-чараларды жана отчеттуулукту түзүү. – компьютердик сапаттуулукка жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу; Административдик кызмат орундарынын улук топторуна: аквакультура, балык уулоо, жасалма асылдандыруу, балык ресурстарын өндүрүү жана балык чарба көлмөлөрдү паспорттоштуруу багыттары боюнча квалификациялык талаптар 1. Кесиптик билимдин деңгээли: – балык уулоо, ихтиология, биология, экология, ветеринария, землеустроительство жана юридикалык боюнча жогорку билим. 2. Иш стажы жана иш тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы. 3. Кесиптик компетенциялар: Билим: – Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 17-мартындагы № 35 “Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарын коргоо жөнүндө” Мыйзамы; – 2009-жылдын 26-майындагы № 166 “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Кыргыз Республикасынын Министрлик Кабинети тарабынан берилген балык чарба чөйрөсүндөгү ченем жаратуучу ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жөнүндө” КР САЧКӨМдүн 2025-жылдын 19-декабрындагы № 05-17/343 буйругу; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти жөнүндө жобосу. – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдер. Билгичтиги: – маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – аналитикалык документтерди даярдоо; – балык чарбасы чөйрөсүндөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу; – Кыргыз Республикасынын суу сактагычтарында жана дарыяларында балык уулоону уюштуруу жана ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону өнүктүрүү; – мамлекеттик маанидеги балык чарба көлмөлөрүндөгү балык ресурстарынын ихтиологиялык мониторингин уюштуруу; – кесиптештер менен эффективдүү кызматташуу; – ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу. Жөндөмдүүлүгү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; – ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; – белгиленген формаларга ылайык пландарды, иш-чараларды, бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту түзүү; – компьютердик сапаттуулукка жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу. Конкурска катышууну каалаган адамдар “e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу электрондук форматта өтүнмө берет, өтүнмөгө электрондук форматындагы (сканерленген документтер) документтер тиркелет же көктөмөгө тигилген кагаз түрүндөгү документтер тиркелет: – кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча; – формадагы жеке арыз; – формадагы сүрөтү бар резюме; – акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү; – акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш тажрыйбасы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо); – паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт); – автобиография; – соттолбогондугу жөнүндө маалымкат. Сынакка катышуучу талапкерлер кошумча сунуш каттарды бере алышат. Документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү 2026-жылдын 27-январынан 10-февралына чейин. Сынакка катышуу үчүн документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: көч. Киев, 96а, бөлмө. 612 (Укуктук, уюштуруу жана адам ресурстарын камсыз кылуу секторунун башкы адиси), сурап-билүү телефондору: 0500 669 665. ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар сынакка катышууга укугу жок. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги